Карачач

Википедия дан

Карачач"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Үргөнчтүн боюнда Семетейди күтүп жаткандагы Айчүрөктүн нөкөрү (Саякбай Каралаев,"Семетей", 2. 47). Кийин Кыяс Айчүрөктү олжолоп алып кеткенде К.Айчүрөк менен кошо жүрөт.Айчүрөк толготуп жатканда эркек төрөсө баласын билгизбей өлтүрүп келгиле деп, Кыястын жети кемпирди жөнөтүп жатканын К. угуп, Айчүрөккө айтып келет.Айчүрөк К-тын жардамы менен жети кемпирди өлтүрүп, Сейтекти аман алып калат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4