Кара жорго

Википедия дан
Кара жорго

«Кара жорго» бийи (каз. қара жорға) – тарыхы боюнча тоолук кыргыздардын канындагы бий, алардын жашоо шартын, курч мүнөзүн чагылдырган бий деп айтылат. Кара жорго бийи жорго таптап, куш салып, эл бейпилчиликте жашап турган кезде пайда болгон. алардын жашоо шартын, мүнөзүн чагылдырган бий деп айтып келишет.

Жаралуу тарыхына үңүлсөк, аталган бийди Кытайдагы кыргыздар бийлешчү экен. Ал жакта кыргыздарга караганда казактар көп жашашкан. Кытайлык казактардан казакстандык казактарга өтүп, алар кенен жайылтканга жетишкен.

Ал эми башкырттар Кара юрга аталыштагы ырын элдик ыр катары ырдап жүрүшөт - (башк. ҡара юрға)

Ой-пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубанычбек Эсенбаев «Кара жорго» бийин иликтеп жүргөн журналист:

– Биз сөз кылып жаткан «Кара жорго» – этнобий. Башка бийлерден айырмасы, мисалы, «Беш ыргайда» атайын жатталган бирдиктүү кыймылдар болсо, ал эми этнобийде адам эркин бийлейт.

Эркин бий да татаал жана жөнөкөй болуп экиге бөлүнөт. Татаал бийлер: жинди бий, кара бий, талма бий. Бул бийлерди миң кишинин бири, манасчылык сыяктуу Кудайдан берилген талантка ээ кишилер транска кирип бийлешет. Татаал бийлер менен психологиялык жактан жабыркаган адамдарды дарылашкан. Ал эми жөнөкөй бий дарылоочу бийге кирет. Ал бий менен адам өзүн-өзү дарылайт. Мисалы, ийин бийи, муун бийи, сынма бийи остеохондроз оорусуна пайдалуу. Жулкунуп бийлегенде денеге кадимкидей массаж жасалат, бул өзүнчө гимнастика.

«Кара жорго» бийи дал ушул жөнөкөй бийлердин катарында. Кыргыздын мамлекеттик маданий машинасы иштебегендиктен, казактар бул бийди алардыкы катары жайылтышты. Керек болсо казактардын ажосу Нурсултан Назарбаев «Кара жоргого» бийлейт экен. Кыргыздар төрө пейил калкпыз, өзүбүзгө таандык мурасты «биздики» деп айта албай жатабыз.


Мээрим Карыпова «Кара жорго» ырын ырдайт:

– «Кара жорго» ырынын казакча вариантын угуп калчумун. Ушул темада режиссёр Ырыс Окенова кенен иликтөө жүргүзүп жатыптыр. Анан «Кара жоргону» ырдап көрүүнү сунуштап калды. Бийдин тарыхын уккандан кийин кызыгып калдым. «Кара жоргого» клип тартып жатканда көп энергиямды алып койду, бирок адам кадимкидей эс алып калат. Кыймылдабаган жерим кыймылдап, көл-шал болуп, айтор, фитнестин деле кереги жок экен. Учурда эл бул ырды абдан жакшы кабыл алып жатат, чыдабай кеткендер мени менен кошулуп бийлеп жиберишет.

Ырыс Окенова «Кара жорго» бийин иликтеп жүргөн режиссёр:

– 1924-жылы немис окумуштуулары экспедицияга келип кыргыздарды тартып кеткен видео бар. Видео Каркыра жайлоосунда тартылган. Андан башына калпак, колуна комуз кармап «Кара жоргону» бийлеп жаткан кыргыз мырзасын көрүүгө болот. Аталган видеону улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Германиядан көрүп, алып келген. Арабызда «биздики эмес, казактардыкы» дегендер да бар. Азыркы жаштарыбыз «Гангнам стайл», «Лезгинкага» эмес, «Кара жоргого» бийлеши керек, антпесе ата-бабабыз барктап бийлеген бий дагы 10 жылдан кийин казактардыкы болуп калат.

Зарылбек Молдобакиров Кыргыз улуттук консерваториясынын режиссура жана хореография кафедрасынын башчысы, доцент:

– Бул элдик бийге кирет. Кыргыздын «Кара жоргосу» казактардыкынан башкачараак, казактар ийини менен эле бийлешсе, кыргыздарда бут, кол, моюн, ийин, айтор, денесинин баары кыймылда болот. Бийлегенде тердеп, туздуу заттын баарын чыгарат. Эмне үчүн «Кара жорго»? Анткени кыргыздар той-топурга жорго минип барышчу. Ат үстүндө солкулдап бийлеп келген, ушундан улам бий «Кара жорго» аталып калган. Казактар бизден озуп «Кара жоргону» патенттеп алганга жетишти.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]