Кара коюм дүмпүлдөк

Википедия дан

Кара коюм дүмпүлдөк - кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул оюн эки түрдүү ойнолот.
Биринчи түрү. Оюн тегиз жерде, көк майданда, мектептин спорт аянтчасында, залында, күндүз да, түнкүсүн да ойнолот. Оюнга 10 – 18 жаштагы 15 – 20 оюнчу катышат. Калыс, узундугу 4 – 5 метр аркан, тон же одеял, ар бир оюнчуга бирден жумшак эшилген жоолук камдалат. Оюнчуларды эки жаатка бөлөт . Жаат башчыларын дайындайт. Таяк, "чүчү кулак" кармашып же чүкө калчашып оюнду кайсы жаат биринчи баштары аныкталат. Оюнду баштоо укугун алган жааттын оюнчулары четте туруп турушат. Ал эми экинчи жааттын оюнчуларын калыс белгилүү жерге чогултуп олтургузат. Үстүлөрүнө тон же одеялды жаап, аркандын бир учун оюнчулардын бирөөнө, экинчи учун жаат башчысына карматат. Оюнду баштоо укугуна ээ болгон жааттын оюнчуларынын ар бирине эшилген жоолук берилет. Андан кийин алыс оюнду баштоого белги берет. Олтурган жааттын башчысы сакчы болуп, аркандын учун колунан чыгарбай оюнчуларын айлана чуркап коруйт. Сакчы айрым жерлерде “ сары айгыр ” деп да айтылат. Атаандаш жааттын оюнчулары болсо колдорундагы эшилген жоолук менен олтурган оюнчуларды акырын чаап кетүүгө аракеттенип, чабуул коюшат. Ал эми оюнчуларын коруп жүргөн сакчы ( жаат башчысы ) чабуул койгон оюнчуларды өз жаатына тийгизбей аркан жеткен жерге чейин кууп барып, алардын бирине өзүнүн бутунун учун тийгизүүгө аракеттенет. Эгерде сакчы чабуулчулардын бирине бутунун учун тийгизүүгө үлгүрсө жааттар орун алмашышат. Ошентип, оюн улантыла берет.
Экинчи түрү. Кара коюм дүмпүлдөктүн бул түрү оюндун жүрүшүнөн гана айырмаланат. Калганы негизинен биринчи түрдөгүдөй эле болот. Калыс мурдагыдай эле 4 – 5 метр жип же аркан даярдайт. Жиптин бир учун олтурган оюнчулардын бири, бир учун сакчысы кармайт. Оюндун жүрүшүндө сакчы коруп турган жааттын оюнчулары чабуул койгон жааттын оюнчуларынын колу тийсе, чабуул койгон жааттын колу тийген же сакчынын буту тийген оюнчулар оюндан чыгышат. Оюндун акырында кайсы жааттын ончулары оюндан аз чыкса ошол жаат жеңет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токторбаев Саты. Өспүрүмдөр оюндары.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]