Кара көңдөй

Википедия дан
Messier 87нин өзөгүндөгү супермассивдүү кара көңдөй сүрөтү
Шварцшильд кара көңдөйү менен анын артынан өтүп жаткан галактиканын анимацияланган симуляциясы. Кесилишкен учурда галактиканын интенсивдүү тартылуу күчү байкалган.

Кара көңдөй (black hole) – жалпы салыштырмалуулук теориясы тарабынан орун алары алдын ала айтылган космос объектиси. Гравитациясы ушунчалык күчтүү болгондуктан нур же электромагнеттик толкундар же башка нерселер кара көңдөйдүн горизонтунан качып кутула албайт.

Алар өтө чоң космос телолорунун кысылуусунан, башкача айтканда гравитациялык коллапста пайда болот. Кара көңдөйдү өзүнө тартуу күчү, сырттан түшкөн газдардын тормоздук таралышы бонча байкоого болот. Азыркы көзкараш боюнча кара көңдөйлөр өтө чоң жылдыздар эволюциясынын акыркы стадиясы катары каралат. Биздин Галактикада көп сандаган кара көңдөйдүн болорун астрономдор болжолдошууда. Кара көңдөйдүн болуу мүмкүндүгүн 1798-ж. Лаплас Ньютондун тартылуу законунун негизинде алдын ала айткан болучу. Ал жарыкты өтө майда бөлүкчөлөрдүн агымы түрүндө элестеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов