Кара тейит

Википедия дан

Кара тейитэтноним."Манас" эпосунда кыргыздын белгилүү урууларынын бири: "Катарлаш болуп Кошойго, Кара тейит Найманга Кабардаш болуп ошого" (Сагымбай Орозбаков, 2. 230). К. т. бир катар каармандардын уруусу катары да сүрөттөлөт: "Казактан бар Жоорунчу, Кара тейит журтунан Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу" (Курама варианты, 2. 178). Кыргыздардын санжырасы боюнча К. т-тер тейит уруусунун курамына кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4