Кара чегирткелер

Википедия дан
Nemobius sylvestris.

Кара чегирткелер (лат. Grylloidea) - курт-кумурсканын субагай канаттуулар түркүмүндөгү чоң тукуму.

Денеси цилиндр формасында, муруту тулкусунан узун. Тынч турганда канаты денесин жаап турат. Угуу органы алдыңкы бутунда жайгашкан. Көпчүлүгүнүн арткы бутунун саны жоон болуп, секирүүгө ылайыкталган. Алдыңкы жанa ортоңку бутунун таманы 3, курсагы 10 муунакка бөлүнгөн. Ысык жанa мелүүн зоналарда 2 миңге жакын. Негизинен топуракта, таштын коңулунда, өсүмдүктө, кээси турак жайда жашайт. Жумурткасын жерге же өсүмдүккө тууйт. Алар чала кубулуп өөрчүйт. Личинкасы жана жетилген Кара чегирткелер кыштайт. Чымын-чиркей, өсүмдүктөрдү жейт. Айрым түрлөрү өсүмдүккө зыян келтирет, аларды жоготуу үчүн биологиялык, химиялык ыкмалар колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.