Каргыш албай алкыш ал же сөздүн күчү

Википедия дан

Др. Кадиян БООБЕКОВА
Кыргыз- Түрк «Манас» Университети

Эмне үчүн инсандардын иши илгерилебейт? Эмне үчүн жашоодо абдан кыйналышат? Балким бир себеби бардыр? Кантип иштээрин билбей жатабы? Же болбосо ишти кантип баштаарын билбей жаткандыр? Балким кантип иштээрин да, баштаарын да, бүтүрөөрүн билсе да такыр иши алга жылбай жаткандыр? Анда эмне, жетпей жаткан акчабы? Же башкалар каалабай жатабы?
Элибизде «Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет», «Жакшы сөз жарым ырыс», же «дубада- батада күч бар», «сандарда күч бар», «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт», «Улуулардын батасын ал», «Каргыш албай алкыш ал», «Бир нерсеге чечим чыгаргандан мурда ойлон», «жаштын тилегин берет», «жети өлчөп бир кес», «айтылган сөз атылган ок, кайра алалбайсың», «Бир нерсени тилегенден мурда ойлонуп анан тиле, тилегиң жүзөгө ашса өкүнүп калба», «Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө», «Бир сөз бар иш бүтүрөт, бир сөз бар, баш кестирет», «Бычак жарасы бүтөт, сөз жарасы бүтпөйт», «көңүл калуу», «жүрөгүнүн үшүн алуу», «Оозуна келгенди оттоо», «ойлор чындыкка айланат» ж.б. у.с. сөздөрдү көп эле угуп жүрөбүз. Бирок бул сөздөрдүн күчүнө толук кандуу маанибербей келебиз. Бул сөздөрдүн баары күнүмдүк жашообузда өтө маанилүү экенин баарыбыз эле билбесек керек. Бир ой акырындап сөзгө айланат (мысли материализуются). Сөз сүйлөмгө, сүйлөм болсо дайыма айтып жүргөн төл сөзгө айланат. Ал акырындап адат болуп, мүнөзгө өтөт. Мүнөз болсо биздин тагдырыбызды белгилейт. Башкача айтканда, оюбуз кандай болсо, (оң же тескери, жакшы же жаман) тагдырыбызды да өзүбүз ошондой белгилеп алышыбыз мүмкүн. Ойго батып жыйынтыкка келүүдөн мурда, ал ойду анализдөө зарыл.
Бул жерде айткым келген нерсе күнүмдүк турмушта колдонулуп келген сөздөрдүн, анын ичинде алкоо жана каргоо сөздөрүнүн мааниси тууралуу болмокчу.

Эзелтеден ата-бабаларыбыз жогоруда айтылган макалдар менен бирге «Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө» деген сөздөр аркылуу ар бир айткан сөзүбүзгө этият мамиле кылуубуз зарылдыгын эскертип келишсе керек. Себеби, жаштар улуулардан бата алып анан гана олуттуу ишке белсенишкен. Бата аркылуу ишинин оңунан чыгаарына ишенишкен. Сөздө жана ойдо энергия бар. Эч болбосо, ар түрдүү динге ишенген, алардын ичинен такыбаа даражасына жеткен кишилерден сураганда, алар да сөздүн күчүн –касиетин тастыкташат. Айрыкча, жекече психологиялык өнүгүү китептеринде (ийгиликке жетүү, бактылуу болуу, ден соолугун чыңдоо, дос табуу, ишин сүйүү, кишилер менен жакшы мамиледе болуу ж.б.), чыгыш философиясы тууралуу китептерде, ойлонуу күчүн колдонуу боюнча китептерде сөздүн жана ойдун күчү тууралуу абдан көп мисалдар берилген. Ушул жерде жекече өнүгүү психологиясы китептеринин жазуучусу Дэйл Карнегинин «Дос табуу өнөрү» китебинен мисал берели. Бир аял болуптур. Ал аял ар дайым досторуна өз тилегин төмөндөгүдөй билдирчү экен. «Мен кийин абдан бай болом. Ошондо бар болгону «каалайм» (want) деген сөздү гана айтам. Ал эми менин жанымдагылар мен эмне кааласам алып келип беришет, баарын даяр кылышат...». Айткандай эле, жылдар өтүп баягы аял абдан бай болот, бирок оорукчан болуп калат. Кан басымы жогорулап, шал болуп, сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жоготот. Бар болгону эмне керек болсо, «каалайм» деген гана сөздү айта алат. Ал жатып алып «каалайм» дейт, жанындагылар эмнени каалап, сурап жатканын түшүнө алышпай, ар нерсени көрсөтө беришет. Качан гана аял өзү каалаган нерсесин көргөндө баш ийкей турган болот». Ушундан улам «тилек тилеп жатканда этият болуңуз, жүзөгө ашып, чындыкка айланса, өкүнүп калбаңыз» деп айтылса керек.
Биздин бабаларыбыз илгертен жакшы ойлорду, нерселерди ойлогула, Кудай «ниетине жараша берет» деген. Же болбосо элибизде айтылып келе жаткан «пейил оңолмоюнча, киши оңолбойт» же «заман оңолбойт» деген сөздөр да тегин жерден чыкпаса керек. Мында, киши кандайдыр бир нерсеге ишенсе, ошол нерсе боло турганын бүгүн көптөгөн психология, жекече өнүгүү китептеринен окуп жүрөбүз. Дайыма иштеринин тескери боло турганын ойлоп коркуп, ошол ойду дайыма унутпай жүргөн кишинин ишинин жыйынтыгы ийгиликсиз болушу ыктымал. Себеби ал ишинин жакшы жагын эмес, жаман болуп калса эмне кылаарын ойлоп жатып, ошого гана ою топтолот. Албетте, күткөн нерсенин реалдуу нерсеге айланышы мүмкүн.
Бул жерде биз күбө болуп жүргөн, калк ичинде күнүмдүк жашоодо айтылган тилибиздеги кээ бир каргыштарга токтолгум келет. Көбүнчө айылдагы энелер балдары тил албай ойноп кетип, үйдөгү иштер жасалбай калган учурда же абдан ачуусу келгенде балдарын каргап урушканын байкайбыз. Ал каргыштарда эмнелер айтылат? Азыркы балдарды же башкаларды каргап жаткан бирөөлөр сөздүн күчүн билишпегендей сезилет. Себеби балдарды ошол каргаган абалга туш болгонун көз алдында элестетип көрсө, антип айтуудан мурда ойлонушмак. Кыргыз тилинде колдонулган каргыштарга көңүл бурсак, ар бир органдын жапа чегиши, ал органдын ээсинин азап тартышы, түрдүү оору сыркоо, кыйынчылык тартуусу тиленет экен. Ал жетпей жаткансып, адам каза болгондон кийин да «көрүндө өкүрүүсү, кепини күйүүсү...» ж.б. оор каргыштар колдонулат экен.
Мисалы, «бооруңа жара чыккыр», «өтүң айрылгыр», «мойнуң үзүлсүн», «шыйрагың сынсын», «жашаба», «узаба», «жашыңда жайрап кал», «кара жерге киргир», «куурап кал», «жаштайыңда соолуп кал» ж.б. оор сөздөрдү, каргыштарды колдонуп, алар аркылуу топтолгон ачуусун, стрессин чыгарууга аракеттенишет. Мунун сезбей, билбей, болгону ачуу ызага жеңдирип айтып жаткан болушу ыктымал. Бирок, ойноп сүйлөсө да, ойлоп сүйлөө маанилүү. Эгер алар айткандай баланын бооруна жара чыкса же медицинанын тили менен алганда бала эхиноккок оорусу менен ооруса, ошол эне сүйүнөөрүн ойлоонун өзү эч бир логикага жатпайт. Кайсыл эне өз баласынын ооруганын же ар кандай кыйынчылыкты башынан өткөрүшүн, жапа чеккенин кааласын? Эч бир эне каалабайт. Ар бир эне- ата өз балдарынын бардык жактан жакшы болуп, маанайы көтөрүңкү болушун каалайт эмеспи. Анда эмнеге каргашат? «Оң колунун ачуусун сол колу менен басууга күчү жетпейби? Же жөн эле, ичиндеги бугун чыгаруу үчүнбү? Эгер ошол тил албаган баласынын шыйрагы – буту чындап эле сынып калса, кайра эле ошол эне карайт да. Же «мойнуң үзүлгүр» дешет, мойну үзүлгөн бала оңбой калбадыбы? Кайсы эне өз баласынын өлүмүн каалайт? Буга ишенүү кыйын. Карга деле баласын аппагым деп сүйөт тура. Бардык ата-эне балдары менен сыймыктангысы келет.
Батанын күчүнө ишенүү сыяктуу эле каргыштын күчүнө ишенүү да ошончолук маанилүү. Эмнеге элден бата алуу аркылуу кээ бир жүгүбүз жеңилдеп, ишибиздин, ден соолугубуздун оңоло турганына ишенебиз да, каргышка ишенгибиз келбейт же ага көңүл бурбайбыз? Балким өлкөбүздүн экономикалык кризистен чыга албай жатканын себеби да балким каргыштандыр? Муну менен жалпы элибиз башка бирөөнүн каргашына калдыбы деген ойду айтуудан алысмын, бирок, биз бири- бирибизди каргап жатпайбызбы? Тамаша болсо деле кээ бир теңтуштардын сүйлөшкөнүнө көңүл бөлөлүк: «Эй кара жерге киргир, каякта жүрөсүң? Ай ушу сен өлбөдүң...» деген сөздөр же сөгүнүү менен башталган диалогду улантууларды көргөндө, төбө чачым тик туруп, денем дүркүрөп кетет. Эмнеге өз энергиясын жаман тилек айтып башка кишиге коротуп жатат? Башка сөз менен айтса болбойбу? Маңдайындагы маектеши айтканга түшүнбөйбү? Же ошол жаман көрүп жаткан киши берки кишинин айтканындай абалга чынында эле дуушар болсо, тиги киши сүйүнөт беле? Жок, андай болушу үчүн ал кишинин кандайдыр бир психологиялык проблемасы бар деп эсептеш керек. Ошончолук жини келсе да, сабыр кыла албагандай абалда чектен чыгууга себеп болгон көрүнүш эмне? Толук кандуу, акыл–эси ордунда бирөө башкасына ошончолук даражада жамандык каалай албайт.

Сөздө жана сандардын көптүгүндө энергия бар. Киши канчалык көп болсо жана алар бир ооздон бирдей тилек тилесе, (мисалы айт намаздарында же улуттук жарыштарда) анын чындыкка айлануу ыктымалы дагы көбүрөөк. Айт намаздарында, жума намаздарында ал жердеги бүт мекендештерибиз өлкөнүн оңолуусуна байланыштуу дуба кылып, тилек тилөөсү абдан кубандырат. Болбосо, футбол командаларыбыздын оюнунда же башка бир оюн, олимпиада сыяктуу эл аралык таймаштарда «О Кудай, жардам бер!» деген комментатордун сөзүнө анын бүтүндөй улуттун тилеги катары кабыл алынганын, ага бүт өлкөнүн эли «оомийн» деп бата кылып кошулганын ойлоп көрсөк, албетте, бул элдин биригишине да өбөлгө болот.
Батанын күчү сыяктуу эле каргыштын да күчү бар. Биз билбей же билип туруп, туура эмес сөздөрдү колдонуу аркылуу маңдайыбыздагы кишиге оң же терс энергия жолдоп жатабыз. Муну билүү зарыл. Каргоо жана сөгүнүү эч качан жакшы натыйжа бербегени ыйык Куран китебинде да (Енам сүрөөсү 6:32, Араф сүрөөсү ж.б.) берилет. Жаман сөз айтуу, көңүл калтыруу, каргоо, сөгүнүү булардын катарына кирет. Себеби, жаман сөз аркылуу бери болгондо кишинин көңүлү чөгүп, ишке болгон мамилеси солгундап начарлайт. Албетте, ал киши ишин жакшы, өзү каалаган натыйжага жеткире албай калышы мүмкүн. Бул көрүнүш адатка айланып, оозубуз көнүп калган үчүн каргыш айтуу аркылуу негативдүү энергияны жиберип, башканын иштешине тоскоол болуп жатканыбызды билбейбиз.
Ачуулануу жана кечиримдүүлүк тууралуу түрк ойчулу тасавуф –суфизм агымынын маанилүү куруучуларынын /фигураларынан бири Мевлана да өз убагында кечиримдүү болуу, жакшы сөз сүйлөө тууралуу маселелерге токтолгон. Бул тууралуу француз ойчулу Жак Деррид проблемалар болгондо кечирүүнү жана кечирүүгө өтө оор болгон учурда да кечире билүүнүн космополитизмде маанисин мисалдар аркылуу түшүндүрүүгө аракеттенет. Бул ойго байланыштуу жекече өнүгүү боюнча психологиялык же адабий китептерде көптөгөн мисалдар берилет. Ошондой эле кечиримдүүлүк эр кишинин иши экенин түшүндүргөн же башкаларын кечирүү аркылуу оор оорудан кутулганын чагылдырган кинофильмдер ар бир элде тартылган. Аларда дайыма жакшы ойлоо, пейилин оңдоо, ал гана эмес өзү жаман көргөн кишилер тууралуу да жакшы ойлогондо иштеринин жеңилдегенин көрүүгө боло турганын түшүндүрөт.

Эгер «бир ой чындыкка айланса» анын туура болуп болбой турганы да белгисиз. Андыктан орустарда да бир нерсеге чечим чыгаруудан, бир нерсеге ишенүүдөн мурда ойлон дешет. (думай прежде чем думать). Түрктөрдө да динге көбүрөөк ишенгенинен болуш керек, абдан ачуусу келип турса да «Аллах билет», «Аллахынан тапсын», «ниетинен тапсын»- деп коюшат. Өнүккөн өлкөлөрдө же динге көбүрөөк ишенген элдерде каргоодон мурда анын таасири тууралуу ойлонушабы, көп колдонушпайт. Каргоо тууралуу элибизде мындай ишенич бар: «куру каргыш куу бөрүгө жетпейт».. андай болсо, каргыш багытталган киши каргыш ала турганчалык күнөө жасабаса, ал каргыш же абада калат, же кайра өзүнө кайрылып келет деген ишеним бар. Байкалгандай бири- бирибизди каргаган, бири- бирибизге жумшалган терс энергиялар абада калкып калып жатса, анда ал жерде жашагандардын баарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн да. Калктын жашоо турмушунун оңолбогону, кыйналыштар, көрө албастыктар, кыйчалыштыктар, кысканчтыктар, агрессивдүүлүктөр, оройлуктар жана ушул сыяктуу терс көрүнүштөр терс энергиянын таасири болуп жүрбөсүн? Эмнеге магниттик бороонго ишенебиз да, энергетикалык бороонго ишенбейбиз? Сөгүнүү, сөгүнүп жатып орозо кармоо бири-бирине терс түшкөн көрүнүш. Бир жагынан Аллага шүгүр кылам, сабырдуу болуп сооп табам деп ойлоп жатып эле, экинчи жагынан сөгүнүү, каргоо канчалык сооп болот?
Тил жана мээ бир иштеп, ойду чагылдырганы баарыга маалым. Тил инсан акылынын күзгүсү. Албетте, ар кандай психологиялык абалда болушубуз талашсыз. Ичибиздеги бугубузду, ачуубузду, энергияны чыгаруу керек. Бирок ызага жеңдирип, каргыш сөз колдонуу эч жакшылык алып келбегендей эле, өлкөбүздүн экономикалык, социалдык, маданий, саясий жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Бири- бирине карата айтылган оор каргыштар экономикасы артта калган өлкөлөрдөгү элдин тилинде көбүрөөк кездешет экен. Бул тууралуу өз убагында түрк экономисти жана окумуштуусу Сабри Фаик Улгенер «түрк элинин тилин туура эмес колдонуусу, жаман сөздү көп сүйлөөсүнүн экономикага тийгизген терс таасирин «Экономикалык кризистердин адептик (ахлак) жана ой (акыл) дүйнөсү» деген эмгегинде мисалдар менен далилдеген.

«Жакшы сөз жарым ырыс» дешет элибизде. Эгер жакшы сөз айтып кишинин көңүлүн көтөрүү, ага дем берүү колубуздан келип турса, ошондой кылганыбыз туура. Анткени кимдир бирөөнү ызалантпаганыбыз, анын маанайын көтөргөнүбүз үчүн өзүбүздүн да көңүлүбүз ток болот. Динибизде да күлүмсүрөө, жылмаю, жакшы сөз да бир садага, сооп деп эсептелет.
Биздин элибиз көчмөндүк турмуштан улам толук бойдон динге ишенген эмес. Жашоо шарттарынан улам жарым дин, жарым атеист, жарым феодал, жарым социализм аркылуу тилди колдонууда ар түркүн кырдаалга туш болгон. Турмуштун түрдүү кырдаалында тилдин күчү сөздүн күчү тууралуу түшүнүктөр өнүгүп, бирок убал- сооп, күнөө түшүнүгү бир жагынан кемип отурган. Ошондуктан убалдан коркпой, күнөө экенин толук түшүнбөй каргоо тилибизде биротоло орун алып калгандай. Мурда улгайган энелер, чоң аталар балдарга алар тентектик кылган учурда да «ай тукумуң өскүр, тентек», «өркөнүң өскүр» - деп кайрылуу менен бирге каргыш айтуудан коркушкан. Себеби сөздүн күчүн билишкен. Же башкасына ачууланганда да, сабырдуулук кылып «оң колунун ачуусун сол колу менен басып», «Кудайдан корк!» деп эскертип туруп айткан. Бара- бара мунун ордуна ачууга алдырып, кимдир бирөөдөн же кандайдыр бир күчтөн коркуу азайып, дароо каргоого өтө баштаганы байкалууда. Анын мисалы күнүмдүк колдонгон тилибизде угуу менен бирге адабий чыгармаларда да бир каармандын, айрыкча аял каармандардын башкасын «каргап- шилегени», «жер- жеберине жеткени...» тууралуу мисалдар өтө көп учурайт. Албетте бул салтыбыздын бир белгиси болушу мүмкүн, бирок салтыбызды мынчалык кичирейтип төмөндөтүп жиберүүгө акыбыз жок. Балким ошол убакта кандайдыр бир психологиялык жеңилдөө болушу мүмкүн, бирок ошол каргыш кишиге жеткенде анын турмушунда кыйынчылыктарды пайда кылып жатпайбы.

Сунуш:
Бул абалдан чыгуу үчүн баарыбыз биргелешип иштөөбүз зарыл. Өзгөчө дин иштери башкармалыгы, социологдор, мугалимдер бул маселе боюнча дайыма көзөмөл жүргүзүп туруусу керек.
- Дин иштери боюнча жоопту киши мекендештерге бул каргоо жана сөгүнүү адаттарынын зыянын түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү маанилүү.
- Мектептерде адеп сабагында да бул темага атайын саат бөлүнүшү маанилүү.
- Психологиялык маанайдагы семинарлардын эл арасында көбүрөөк өткөрүлүшү калктын аң сезиминин жогорулашына таасир берет.
- Ар түрдүү спорттук, маданий, адабий ж.б. эл аралык жарыштарда элибизди биздин командага, группага добуш берүүсүнө үндөө аркылуу элдик бирдик сезими калыптанат жана тараптар бирдей болсо, эч болбосо биздикилердин ийгилиги үчүн тилек тилегенди үйрөтүү аркылуу да каргыштан качууга болот.
- Окуучуларыбыздын, студенттерибиздин көбү учурда чет өлкөлөргө ар кандай олимпиадаларга, жарыштарга катышып жүрөт. Аларга жакындары жана билгендер гана көңүл буруп, ийгилик каалабаса, көбүбүздүн кабарыбыз болбойт. Массалык маалымат каражаттары аркылуу мүмкүнчүлүккө жараша мындай ийгиликтерди элге билдирип туруу да элдик бирдикти чыңдайт.
- Намаздарда каргыштын кесепеттери тууралуу айтылышы элибиздин бул темада маалымат алуусуна жана бара бара бул адаттарын унутушуна себеп болот.
- Намаздарда элибизди, экономикабыздын өнүгүүсү үчүн тилек тилеп, бата берүү салтына үйрөтүү зарыл. Балким ар кандай тойлордо, салтанаттарда эң жакшы бата үчүн жарыш уюштуруу да жакшы натыйжа берет.
- Биздин эл салтка бай, салты, үрп адаттары али бузулбаган, каада-салт менен жашаган эл. Андыктан бата берүү салтын бат эле кабыл алат деген ойдомун.
Албете мурда да токтолгондой ар дайым маанайы жакшы болуп жүргөн инсандардын иштеринен да ийгилик күтсө болот. Ал өз учурунда өлкө экономикасынын өнүгүшүнө өз таасирин тийгизет деп ишенебиз.

Адабияттар:

ADDİNGTON, J. E., “%100 Düşünce Gücü”, Akaşa yayınları, İstanbul, 2001
БЕРН, Э., «Исцеление Души» (трансакционный анализ в психотерапии), «Литр», Екатеринбург, 2004.
BOZDAĞ: M., “Düşün ve Başar”, Nesil yayınları: 48.baskı., İstanbul, , 2004
BOZDAG, M., “Ruhsal Zeka (SQ): Nesil yayınları, 62.baskı, İstanbul, 2004.
СARNEGİE, D., “Dost Kazanma Sanatı”, yay yayınları, İstanbul, 2001
КАРНЕГИ, Д., «Как перестать беспокоиться и начать жить», «Лабиринт-пресс», Москва, 2000,
НОРБЕКОВ, M., А. «Опыт Дурака или ключ к прозрению», Москва, 2002
РИЧАРДСОН, Ч., «Ваша жизнь в ваших руках», «Попурри», Минск, 2003.
ROBİNS, A., (çev. M. Değirmenci), “Sınırsız Güç”, İnkilap Kitabevi, 12. baskı, İstanbul, 2001.
SHVARTS, H., “Büyük Düşünmenin Büyüsü”, Sistem yayınları, İstanbul, 1997
ULGENER, S. F., “İktisadi Çözümlerin Ahlak ve Zihniyet Dünyası”, www.yenıturkebıyetıçcom/ındex. 2007: 10.10. tarihinde indirilmiştir.