Карендер

Википедия дан

Карендер (өздөрүн пгханьо деп аташат) – Мьянманын түштүгү менен түштүк-чыгышында жана Таиланддын түндүк-батышында жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 5тен 7 млнго чейин (2002). Карендерде уруулук бөлүнүүлөр сакталган. Алардын негизгилери: сго, пво, бве, йао жана башка уруулар. Диалектилери жана үрп-адаттары бири-бириникинен кескин айырмаланат. Карен тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен – буддисттер, бир кыйласы христиандар (баптисттер), бир азы салттык динди тутат. Карендердин ата-бабалары Чыгыш Тибеттен көчүп келип (биздин замандын 1-миң жылдыгынын ортосунан), Мьянма жана Таиланд аймактарына отурукташкан. Негизги кесиби – дыйканчылык (күрүч). Тоолук карендер буйвол, бука, эчки асырашат. 20-кылымдын ортосуна чейин патриархалдык үй-бүлөгө ылайыкталып, узун салынган үйлөрдө жашаган. Эркектер саронг, жеңсиз күрмө же кыска жеңдүү ак көйнөк кийип, башына шарф байланат. Аялдар юбка, жеңсиз кофта кийип, кооздуктарды тагынышат. Денелерине татуировка коюшат. Инди кытай элдеринен айырмаланып, тибеттиктер сыяктуу эчкинин сүтүн ичишет. Карендердин улуттук фольклору, музыкасы, ыр, бийлери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]