Кармап туруу

Википедия дан

Кармап туруу – жарандык укукта милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу ыктарынын бири. КР Жарандык кодексине ылайык, карызкорго, же карызкор көрсөткөн жакка берилүүчү буюм колунда турган кредитор, карызкор ал буюмду төлөө боюнча милдеттенмесин аткарбай, же ага байланыштуу чыгымдардын ордун толтурбай койгон учурда тийиштүү милдеттенме аткарылмайынча буюмду бербей кармап турууга акылуу. Буюмду К. тараптары жеке ишкерлер болуп саналган милдеттенмеден келип чыккан талаптарды аткарууну дагы камсыз кылуусу мүмкүн. Кредит берүүчү буюмду ага болгон укукту үчүнчү тарап сатып алгандан кийин дагы эчбир тарабына бербестен кармап турууга толук акысы бар. Буюмду кармап турган кредитордун талабы анын наркынан күрөө милдеттенмелерине карата каралган тартипте жана көлөмдө канаттандырылат. (кара:Барымта).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]