Картография

Википедия дан
Картография.

Картография (карта жана ...графия) – картография эмгектердин (географиялык карталар, глобустар, рельеф карталары, Айдын, планеталардын, жылдыздуу асмандын карталары жана башка) теориясы, методикасы, аларды түзүү жана пайдалануу ыкмалары жөнүндөгү илим. Коом жана табият кубулуштарынын (алардын жайгашуусу, структуралары, касиеттери, өз ара байланыштары, өзгөрүү мезгилдери) мейкиндикте орун алышын, айкалышын жана өз ара байланышын чагылдырат. Картография илим катары төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат: карта таануу, математикалык картография, карталарды проекциялоо жана түзүү, карталарды жасалгалоо, карталарды чыгаруу, карталарды пайдалануу, картографиялык өндүрүш мекемелери, картографиянын тарыхы. Айрым тематикалык карталардын түрүнүн өзгөчөлүгү (геологиялык, топурак, экономикалык жана башка) жана аларды түзүү ыкмалары картографиянын башка тармактарынын пайда болушуна шарт түздү. Топографиялык картаграфия топография, геодезия илимдери менен тыгыз байланыштуу. Космосту сүрөткө тартуунун өнүгүүсү менен жаңы багыт – космостук картография пайда болду.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]