Карыбеков Индусбек

Википедия дан

Карыбеков Индусбек (17. 4. 1958-ж. туулган, 1-Май кыштагы) - жетекчи кызматкер. К. И. Скрябин атындагы Айыл чарба институтун бүтүргөн (1986; сырттан окуган). Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1976-78-ж).

1978-79-жылдары Кыргызстан дыйканчылык илимизилдөө институтунда лаборант, 1979-84-жылдары Суусамыр кой чарба бирикмесинде талаачылык боюнча эсепчи, 1984-87 ушул эле чарбада бөлүм башчы, 1987-92-жылдары Суусамыр» совхозунда директордун орун басары, 199297-жылдары Суусамыр бириккен дыйкан чарбаларынын төрагасы, 1998-99-жылдары Кара-Балта шаарында спирт терминалы боюнча бажыканада улук инспектор, 2001-03-жылдары Бишкек шаарындагы мамлекеттик акционердик лизинг компаниясында менеджер, 2004-жылдан Жайыл райондук коомчулукту өнүктүрүүнү колдоо мекемесинде эксперт болуп иштеп келет. Грамоталар менен сыйланган. Шааболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9