Карынды тазалоо

Википедия дан

Карынды тазалоо - карындан тамак-аштын калдыктарын же уу заттарды чыгаруу.

Карынды врач же фельдшер атайын карын түтүгү менен тазалайт. Өмүр үчүн коркунучтуу ууланууда врач келгиче Карынды тазалоонун эң жөнөкөй түрүн жасоого болот: оорулууга 5-6 стакан суу ичирип, анан кичине тилдин түбүн сөөмөй менен басып кустуруу керек. Бул процедураны бир нече ирет кайталоого болот. Карынды тазалап бүткөндөн кийин оорулууну төшөккө жаткырып, жылуулап жаап, 1-2 ууртам чай ичирүү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8