Карын зили
Карын зили – карын былжыр челинин бездери бөлүп чыгаруучу түссүз, кычкыл суюктук. Анын курамында ферменттер, туз кислотасы, былжыр, минералдуу туздар болот. Ферменттер тамак сиңирүүгө катышат. Туз кислотасы тамак-ашты жумшартып, ферменттерди активдештирет, микроорганизмдерди өлтүрүп, уйку безинин фермент иштеп чыгаруусуна, тамак сиңирүүчү гормондордун пайда болуусуна түрткү берет. Карын зилдеринде туз кислотасынын аз же көп болушу анын кычкылдуулугун аныктайт. Карын зили тамак ичпей турганда бөлүнөт. Тамак оозго же карынга түшкөндө же адам тамакты көргөндө, жытын сезгенде, тамак жөнүндө сөз болгондо да бөлүнө баштайт. Тамактын жагымсыз жыты же түрү анын бөлүнүшүн токтотот же азайтат. Карын зилинин курамын изилдөө ооруну аныктоого жардам берет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9