Катун

Википедия дан

Катун (катын, хатун) - орто кылымдардагы түрк-монгол династияларында тектүү жердей чыккан аялдарга, ханышаларга өз аттарына «хатун» («катун») термини жалганып айтылган.

Бул термин улуу даражалуулукту, тектүүлүктү аныктап турган. Кыргыз каганаттарында хан тегинен чыккан ханыша-аялдар «канчайым» (кунчуйум) деп эталарын жазуу эстеликтери баяндайт. Сары уйгурларда «катын» - тектүү жерден чыккан аял, бийик даражалуу кызмат адамынын аялы маанисин туюнткан. Туваларда «кадын» сөзү «падыша аял», «ханыша» дегенди туюнткан (Тувинско-русский словарь, 1968, 217). Бул соз кыргыздарда «улуу аял», «байбиче» маанисин да түшүндүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8