Катуу диск

Википедия дан
Капкагы алынган 3.5" катуу диск.

Катуу диск (англ. hard disk drive, HDD, hard disk, hard drive) — флоппи дисктерге караганда катуу бекитилген дисктерге (катуу дисктерге) жетүү өтө тез аткарылат жана анын эсинин көлөмү чоң болот. Берилиштерди жазуу үчүн катуу диск кутусунда беттери магнит материалы менен капталган бир нече кат диск орнотулат. Катуу дисктер көбүнчө алюминийден жасалат.

  • Катуу дискти сактоо мүмкүнчүлүгү. Берилиштер катуу дисктин эки тарабына (бетине) сакталат. Эгерде диск киргизгичте бир катуу диск орнотулса, анда сактоо үчүн эки бет, эгерде эки катуу диск болсо, анда төрт бет ж.б. пайдаланылат. Дискет сыяктуу катуу дискти да колдонуу алдында, аны калыптап алуу керек. Калыптоо алдында колдонуучунун каалоосу менен катуу дискти логикалык диск деп аталган бир нече бөлүккө бөлүп коюу мүмкүнчүлүгү каралган. Ар логикалык диск өзүнчө диск катары каралып, аларга ар башка бөлүмдөрдүн берилиштерин сактоону уюштурса болот. Бөлүктөрдүн ар бирине ар башка иштетүү системин орнотуп койсо болот. Персоналдык компьютерлердеги катуу дисктин логикалык бөлүктөрү С дан башталып, латын ариптеринин ирети менен аталат. А жана В ариптери менен флоппи диск тейлегичтери белгиленет. Катуу дисктин көлөмү мегабайт, гигабайт, терабайт же петабайт менен өлчөнөт. Учурдагы персоналдык компьютерлердин катуу дисктеринин сактоо көлөмү бир гигабайттан бир нече ондогон гигабайтка чейин жетти. Бир гигабайт эске ар бир барагы 2000 символдон турган 500000 барак маалымат сакталат.

Тышкы катуу дисктер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Toshiba 1 Тб 2.5" тышкы USB 2.0 катуу диски.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Компьютер жана интернет: Энциклопедиялык окуу куралы, У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-014-3