Каузалгия

Википедия дан

Каузалгия - четки нерв сөңгөгү жабыркаганда капысынан башталып, какшатып ооруган оору.

Каузалгия симпат нерв талчаларына бай бут-колдун нерв сөңгөктөрү (шыйрактын чоң жилинчик нерви, көчүк нерви, колдун ортоңку, кээде чыканак нервдер) жараат алганда пайда болот. Жарааттангандан 5-10 суткадан кийин бут-кол ооруп, вегетатив нерв системасы да бузулат. Кол жабыркаса - моюн, көкүрөктүн жогорку жагы, бут жабыркаса ичтин төмөн жагы ачышып, ооруйт. Бир аз кыймылдаганда же териге тийгенде, ызы-чуу жана башка таасир эткенде оору күчөйт. Терини муздатып, дайыма суулап турса ооруганы басаңдайт.

Дарылоодо новокаин блокадасы, физиотерапия жана башка колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8