Кашка-Суу (Ала-Арчанын оң куймасы)

Википедия дан

Кашка-СууАламүдүн районундагы суу, Ала-Арчанын оң куймасы.

Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталат. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3300 м. Узундугу 9 км. Алабынын аянты 40 км². Суу куралуу областына кирет. Негизинен кар жана жаан-чачын сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 0,65 м³/сек, эң көбү майда, эң азы февралда байкалат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.