Квазибөлүкчөлөр

Википедия дан

Квазибөлүкчөлөр - көп бөлүкчөдөн түзүлгөн системанын начар дүүлүккөн абалын ажыратуудан келип чыккан айрым элементардык дүүлүгүүлөр.

Эгер мындай элементардык дүүлүгүүлөр узак убакыт өзгөрүүсүз өз алдынча болушса, анда аларды Квазибөлүкчөлөр деп караштырууга болот. Элементардык дүүлүгүүлөрдүн ар бири системаны түзүүчү көп бөлүкчөлөрдөн турса да, жалпысынан алганда көпчүлүк учурда бөлүкчөлөргө окшош келип, белгилүү өлчөмдөгү энергия, импульс жана спин менен мүнөздөлөт. Системанын дүүлүгүү абалынын өзгөрүүсү элементардык дүүлүгүүлөрдүн кагылышууларынын, алардын чачыроолорунун натыйжасы деп каралат. Бул учурда элементардык дүүлүгүүлөрдү мүнөздөөчү чоңдуктар өзгөрөт. Ошого байланыштуу мындай дүүлүгүүлөр көпчүлүк учурда Квазибөлүкчөлөр деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.