Кебек бий

Википедия дан

Кебек бий Эсиркемиш уулу (туулган жылы белгилүү эмес) — XVII-кылымдын 2-жарымында жашап өткөн.Солто уруусунун Бөлөкбай уругунан чыккан бий.

Эсиркемиш уулу Кебек Бий
 
Уруусу: Солто уруусу
Бөлөкбай уругу
Атасы: Эсиркемиш
Балдары: Балдары тууралуу маалымат жок
Кесиби: Бий

Кебек бий калыс, сөзгө чебер, кыраакы саясатчы болгон.Кыргыздар Чүй бооруна кайтып кайрадан отурукташа баштаган мезгилде жалпы солто уруусун Кебек бий башкарып тургандыгын,солтонун Талкан уругунан чыккан белгилүү санжырачы, Түлөберди бийдин тукуму - Алымбектин санжырасында айтылат.

Кебек бий 1850 - жылкы кыргыз бийлеринин курултайын уюштуруучуларынын бири болгон.Эсенкул бийдин кыргыз урууларын калмактан бошой баштаган мурунку конуштарына көчүрүп келип отурукташтыруу саясатын колдоп Чүй, Талас өрөөндөрүн кыргыздардын ээлеп калышына жигердү салым кошкон 18 кылымдагы кыргыздын көрүнүктүү саясатчыларыны бири.

Көчүп келгенден кийин жер талашкан казак уруулары менен болгон согуштарга катышып турган. XVIII к. 2-чи жарымындагы кыргыз-казак мамилелерин калыптандырып турган таасирдүү бийлердин бири болгон. Жамы кыргыздын башын бириктирип сырткы душмандарга каршы туруу саясатын колдогон Эсенкулдун атынан барып Таласты жердеген Садыр, Момоконду жөнү жок казакка кол салбоого чакырып, Момокон, Жайыл баштаган солто уруусун талкан уругун өзүнө жакын көчүрүп алууга аракет кылган.Кебек бий Садырдын Эсенкулдун айттырган сөзүнө ийибей турганын көрүп мындай деп айткан:

«Жону бузулган элден жону бүтүн эл кегин албай карап отурчу беле? Күчтүү ханга күчү жок хан [ара] конуп барчу эмес беле? Сөзгө келсе[ң], калмак болсо биздин кыргызды кууган. Кудай оңдоп, калмак бузулду. Жерибизди да алдык, кегибизди да алдык. Ал бир башка иш. Ал сен хандыка кызыгып калыптырсың. Аныңды кой!? Жаңы көтөрүлүп, өсүп-өнүп келе жатканда, эр-азаматка кесирибиз тийбесин!»[1]


Дагы бир маалыматтарда, Абылай хан кыргызга алым салып сынаганда (кайсы жоортулу экендиги такталган эмес) аны кыргыздын атынан Кебек бий өзү жалгыз төлөп берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алымбектин санжырасы. Б., 2007(жеткиликсиз шилтеме);

Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993.(жеткиликсиз шилтеме)

  1. Алымбектин санжырасы//Түзгөн Э. Турганбаев. - Б.: 2007. 41 б.