Келин алуу

Википедия дан

Алдыңбы аялыңды, алгандай бак,
Көгүчкөндөй кулпунтуп, көңүлүн тaп.
Өмүр бою сыйынып өткөндөй кыл,
Жакпаса да ал сага, сен ага жак.
Аман Токтогулов

Келин келгенде үйдөгүлөр сыртка чыгып, ун, дан, боорсок, таттуулардан чачыла чачышып, келиндин оозуна май салышкан. Үйгө келинди абышкасы кайтыш болбогон, очор-бачар, нускалуу байбиче баштап кирет. Келин босогону аттаганда үйгө жүгүнүп кирет, отко май тамызылат. Бул келиндин баскан жолу жакшы болсун деген жышаана. Андан кийин кайын энеси келинге ак жоолук салат.
Кыздын жеңелери кыз менен кошо келишип, мурда сеп менен кошо даярдалган көбүнчө ак (агыш), же көк (көгүш) түстөгү кездемеден тигилген үлбүрөгөн көшөгөнү үйдүн бир капталына тартышат. Hyp өткөрүү сапатына карай бул түстөр ыйык делип эсептелет. (Көшөгө үйлөнүү символу гана эмес, эки жаштын узакка чогуу өмүр сүрүшү, урпактарынын көбөйүшү үчүн символ катары сакталышы керек. Үйлөнгөндөн кийин көшөгөнү бузуп, башка буюмга колдонуу эки жаштын жашоосуна терс таасирин тийгизип, кээде ажырашууга алып келет деген пикирлер бар). Көшөгөнүн айрым жерлерине аттатып тигилген жерлери болот. Келин көшөгөнүн ичине киргизилет. Келиндин кайын сиӊдилери, ошол айылдын бой тарткан кыздары шынаарлашып, тегеректеп отурушат. Алар жаңы келинге келин көрүп келгендерди, күйөөсүнүн туугандарын, жерге-жээгин, дос-тамырын көшөгөнүн ачык жеринен көрсөтүп, улам тааныштырып турушат. Кимисин кандайча тергээрин эскертишет. Келгендер үй ээлерине: Коӊшу кут болсун!, ал эми үйлөнгөн жигитке Куш бооң бек болсун! - деген куттук айтышат. Адатта тойго келген эркектер көшөгөгө кирбейт, түз эле дасторконго өтөт. Ал эми аялдар көшөгөгө кирип, келиндин бетинен өөп, жоолук ырымдап чыгышат. (Мурда иштүү бүлө болушун тилеп жакасына ийне сайып колуна шакек, оймок салышкан). Келин келгендерге улам жүгүнүп, таазим кылып турат. (Эрезеге жеткен уулу барлар да үйүнө көшөгө даярдап коюшат. Анткени, уулу бирге окутан, чогуу иштеген кыз менен сүйлөшүп жүрүп, капысынан эле алып келип калышы да мүмкүн). Келин жүгүнгөндө «Ыймандуу бол, алдыӊдан мал, артыӊдан бала бассын!» деп бата беришет. («Алдыӊды бала, артыӊды мал бассын» деп кээде туура эмес айтышып жүрөт, бул сөз «алдыӊда айдаганга малың болсун, артыӊда ээрчип турганга балаң болсун» деген мааниде). Ал эми "Ак жоолугуң башыңан түшпөсүн!" - деген тилек үй-бүлөлүк бакыт каалоо менен, кыз менен келиндин айырмасын билдирип турат. Уул-келинге өкүл ата, өкүл эне коюлат. Алар өрнөктүү, элге кадырлуу адамдар болушу керек. Алардын негизги милдети - уул-келиндин экинчи ата-энеси болуу менен алардын ынтымак-ырашкерлигин сактоо, аларга камкордук көрүү, ата-энелери жаман мамиле кылса (мисалы, кайнене келинди катуу кармаса) аларды жайгарып, бирин бири түшүнүүсүнө өбөлгө болуу. Эгер келин колдон узаса шартына жараша келген эле күнү же эртеси, ал эми сүйлөшүп жүрүп эле келип калса ата-энесинин алдынан өтүүгө (ачуу басарга) жиберилген кишилер алардын макулдугун алып келгенден кийин гана нике кыйылат. Нике кыюу үчүн молдо чай чыныдагы сууга ичинен дуба түшүрөт. Андан кийин күбөгө өтүүчүлөр (күйөө баланын, колуктунун жолдоштору) аркылуу алардын баш кошууга макулдугун алат. Алгач жигиттен, андан соң колуктудан «Туттуңбу!?» деп сурайт. Алардын жообун алгандан кийин дубаланган сууну баш кошкон эки жашка жана күбөлөргө ууртатат. Нике сууну ууртатуу ант алганга барабар. Молдо нике кыюу менен бирге эле никени таза тутуу зарылдыгын, жаш үй-бүлөнү ыймандуулукка, боорукердикке үндөгөн сөздөрдү айтат. Нике кыюуда эки жаштын аурасынын энергиясы биригет. (Нике кыйылбаса алардын ой-пикирлеринде ажырым болуп, акыры ажырашууга алып келет экен. Нике кыйылса алар бара-бара бири-бирине окшошуп, идеялары, ой жүгүртүүлөрү бир нукка түшөт дешет. Нике кыйылганда атанын бала алдындагы жоопкерчилиги бекемделет). Нике кыйылгандан кийинки күнү айылдагы нарктуу байбичелердин бирине келиндин шөкүлөсүн чечтирип, чачын өрдүрүп, жоолук салдырышкан. Келин жоолук салынып көшөгөдөн чыгып, кайната-кайнене, кайнага, улуу абысындарына үч ирет жүгүнгөн. Алар бата беришкен. Бул келин¬дин кайнатасынын үйүнө отко киргизүү салты катары эсептелет. Мына ушундан кийин гана келин үй тиричилигине аралаша баштаган. Кайната-кайненелеринен эрте туруп, уюн саап, сүтүн бышырып, тамагын даярдап, алардын турушун күткөн. Алдыларынан кыя өтпөй ийменип турган. Алар менен күнүгө жүгүнүп учурашкан. Жүгүнүү биринчиден улууларга учурашуу болсо, экинчиден алардан бата алуу болуп саналат. «Келин жаман эмес, келген жери жаман» демекчи, келинди тарбиялоо келген жердин милдети. Келиндин төркүнүнө бат-бат каттап, төркүндөрүнүн ички иштерине аралашуусу «чыккан кыз чийден тышкары» делип, жат көрүнүш болгон. Кыз бала келин болуп келгенде кайната-кайненени, улуу-кичүүнү сыйлап турса "Баланчанын келини ыйбалуу, ызаттуу чыгыптыр" деп айылга дүң болот. Наркты билген кары " - Бул үйгө кут түшүптүр, ылайым очогуна эл жылынган үй болсун!" - деп бата берет. Мындай келиндер-жүрүм-туруму, көтөрүмдүүлүгү, жупунулугу менен элге алынат, айлана- чөйрөсүндөгүлөрдүн асыл сапаттарын канына сиңирет. Кыргыз элинде кыз ала качуу салты дегеле болгон эмес. Бул улуттун түпкү салттарын өздөрүнө «эскичилик» дедиртип жек көргөзүүгө, унуттурууга, чыныгы каада-салттарын бурмалоого аракет кылган совет мезгилинин далалатынын гана жемиши. Ал өткөн кылымдын 30-жылдарында "эскичилдикке" каршы күрөш катары коммунисттер ойлоп тапкан нарксыз жөрөлгө. Ал эми бири-бирине ашык болгон эки жаш ачык баш кошуу үчүн тоскоолдуктарга тушугуп, жол таппай калышканда гана жетелешип качканга аргасыз болушканы башка кеп. Бул тескерисинче махабаттын ыйыктыгын, бийиктигин даңазалайт.

Келиндин чачын өрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уул-келиндин никеси кыйылгандын эртеси келиндин чачы өрүлөт. Бул ырасмиге жакын санаалаш аялзатгары чакырылат. Алар уй мүйүз тартып отургандан кийин келинди көшөгөдөн чыгарып, ортого отургузушат. Чач өрө турган келинди кайнене тандайт. Ал төрөп-түшкөн, биринчи никеси менен бактылуу жашаган, күйөөсүнө күйүмдүү, ыймандуу келин же айылдагы нарктуу байбиче, айылга алынган барктуу аял болууга тийиш. Бул жаңы келин дагы ушул келиндин жолун жолдосо деген тилек. Ал жаш келиндин чачын тарап, теңинен экиге бөлөт. Бул чоочун үйгө бүлө, күйөөгө жар болуп келдиң дегенди түшүндүрөт. Бөлүнгөн чачты сары май менен майлап, өргөндөн кийин жоолугун башына салып, үстүнө чачыла чачышат. Чачыланы ооз тийишкенден кийин дасторконго отуруп, жаңы келиндин колунан чай ичип, бата беришет. Нике кыюу жубайлардын ынтымактуу, күйүмдүү болуусу үчүн бири-бирине жипсиз байлоо болсо, чач өрүү ошол ыйык милдетти жаш келиндин аң-сезимине сиңирүү.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.