Кергелен

Википедия дан
Кергелен.

КергеленИнди океанынын түштүк бөлүгүндөгү архипелаг, Антарктикада. Франциянын ээлиги. Жанар тоодон пайда болгон бир чоң (Кергелен) жана З00дөй майда аралдан турат. Платонун суу бетине чыгып турган бетин ээлейт. Жалпы аянты 7 миң км2дей. Туруктуу отурукташкан калкы жок. Бийиктиги 1850 мге чейин. Климаты субантарктикалык, февралдын орточо темпрасы 7оС, июлдуку 0оC, жылдык жаан-чачыны 1000 ммдей. Батыш бөлүгүндө ири муздуктар (аянты 500 км2ге жеткен) бар. Дайыма катуу шамал болуп турат. Субантарктикалык суйдаң чөп өсүмдүктөрү өсөт. Порт-о-Франсе геофизикалык станциясы 1950-жылдан иштейт. Архипелаг 1772-ж. аны ачкан француз деңиз саякатчысы И. Кергелен де Тремаректин ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]