Кереңкур

Википедия дан
Керең кур (Tetrao urogallus) (эркек).

Кереңкур (лат. Tetrao, L. 1758) – каракурлар тукумундагы ири куштар уруусу. Узундугу 56–85 см, салм. 4–5,5 кг, кээде 6,5 кгга жетет. Эркеги сайрап жаткан учурда бир аз убакыт кулагы укпай калат (аты ошондон). Полигамдар. Евразия токойлорун мекендейт. Эки түрү белгилүү: кереңкур жана корум керең куру. КМШ өлкөлөрүндө, Карпат, Байкал, Камчатка, Сахалинде кездешет. Өсүмдүк бүчүрлөрү, жалбырактары жана азыктанат. Токойлор көп кыйылып, мергенчилик күчөгөндүктөн, саны азайып кеткен. Дарвин жана Березин коруктарында багылат. Бир түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]