Керимжанова Бүбү

Википедия дан

Керимжанова Бүбү (1920, Ак-Суу району, Бөрү-Баш айылы) — кыргыз совет адабиятчысы. сынчы.

Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын корреспондент-мүчөсү (1954), 1941-ж. КМПИнин тил жана адабият факультетин бүткөн. 1947— 50-ж. Кыргыз республикасынын Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, 1950жылдан «Манас» секторунун башчысы. К. кыргыз жазуучуларынын чыгармачылыгы, кыргыз адабиятынын өсүш тарыхы, көркөм табияты боюнча көптөгөн макалалардын, эмгектердин автору. «Манас» эпосун басмага даярдоодо жана изилдөөдө да эмгек сиңирген. «Семетей жана Сейтек» (1961) деген эмгеги кыргыз жана орус тилдеринде жарык көргөн. «Семетей» эпосунун курама варианттарына кириш сөз жазган. К. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак, Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4