Керр эффектиси

Википедия дан

Керр эффектиси – бир тектүү электр талаасында жайгашкан оптикалык изотропиялык заттар (суюктук, айнек, симметрия борборлуу кристалл) аркылуу жарык нурун өткөрүүдө жарыктын эки багытка ажырап сынышы.

1875-ж. Ж.Керр ачкан. Керр эффектисинин натыйжасында электр талаасында жайгашкан газ же суюктуктун оптикалык огу талаанын багыты боюнча багытталган бир октуу кристалл сыяктуу касиетке ээ болот.

Керр эффектисин байкоо үчүн бир өңчөй (монохроматтык) жарык уюлдаштыргыч (поляризатор) П (мис., Николь призмасы) аркылуу өткөрүлүп, изотропиялуу зат менен толтурулган жалпак конденсаторго багытталат. Уюлдаштыргыч табигый жарыкты уюлдаштырылган жарыкка айландырат. Эгер конденсатордун каптоолоруна чыңалуу берилбесе, уюлдаштырылган жарык заттан өткөндө өзгөрбөйт жана уюлдаштыргычка карата 90° ка бурулган экинчи Николь призмасы А дан жарык такыр өтпөйт. Эгер конденсорго чыңалуу берилсе, анда сызыктуу уюлдаштырылган жарык толкуну зат аркылуу өтүүдө экиге: электр талаасынын багыты боюнча жана ага тик багытка бөлүнөт да, түрдүү ылдамдык менен таралат. Ошондуктан Керр уячасынан чыккан жарык толкуну кош сынуу кубулушунун негизинде эллипс түрүндө уюлдашкандыктан талдагыч (анализатор) аркылуу өткөн жарыкты көрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]