Кесиптик багыт берүү

Википедия дан

Кесиптик багыт берүүмектептин окуу тарбия ишинин маанилүү элементи. Окуучунун жекече кызыгуусуна, шыгына, ден соолугуна жана коомдогу социалдык экономикалык өзгөрүүлөрдүн талаптарына ылайык аны аң-сезимдүү кесип тандап алууга даярдоого багытталган комплекстүү иш-чаралар системасы.

Кесиптик багыт берүү көп кырдуу педагогикалык, психологиялык, экономикалык, социалдык, медициналык көйгөй. Азыркы кезде мектеп окуучусун кесип тандоого даярдоодо төмөндөгү милдеттерди чечүүгө көңүл буруу керек:
– окуучуларды кесипти аң-сезимдүү, жоопкерчилик менен тандоого тарбиялоо;
– республиканын эл чарбасынын тармактары, эмгекти уюштуруунун формалары, базар экономикасынын маселелери менен тааныштыруу;
– окуучуларды кесиптер, аларга коюлган талаптар, кесипке ээ болуунун жолдору менен тааныштыруу;
– окуучунун кесиптик кызыгуусун, аны тандоосунун мамиле мотивдерин калыптандыруу;
– окуучуларды практикалык иштерге катыштыруу менен билгичтиктерге, көндүмдөргө ээ кылуу ж. б.

Илимий педагогика адабияттарда кесиптик багыт берүү ишинин төмөндөгүдөй курамбөлүктөрү аныкталган:
а) алдын ала кесиптик диагноздоо - алдын ала ар түрдүү методдорду колдонуу менен окуучунун инсанын үйрөнүү. Натыйжада окуучунун мүнөздөмөсү түзүлөт;
б) кесиптик агартуу - окуучуларды кесиптер, аларга коюлган талаптар, ага ээ болуунун жолдору ж. б. маалыматтар менен тааныштырат;
в) кесиптик тарбиялоо - окуучунун кесипке кызыгуусун жана аны тандоодогу негизделген мамиле – мотивин калыптандыруу менен байланышат;
г) кесиптик ылгоо – адамдын белгилүү эмгектин түрүнө жарактуулугун аныктайт; д) кесиптик кеңеш – окуучунун шык-жөндөмүнө, кызыгуусуна жараша кесиптик багытталгандыгын камсыз кылат;
ж) кесиптик ынгайланууну – адамдын социалдык чөйрөгө, эмгек шарттарына, конкреттүү адистиктин түрүнө активдүү ыңгайланышы.

Кесиптик багыт берүү ишинин ар бир компоненти өзүнө тийиштүү иштемин аткарганда гана жакшы натыйжа берет. Мектепте кесиптик багыт берүү окуу процессинде, класстан жана мектептен тышкаркы иштерде жүргүзүлөт. Кесиптик багыт берүү ишин жүргүзүүдө окуучулардын жаштык жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу керек.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004