Кеңешчи (Түркия)

Википедия дан

Кеңешчи (Түркия) - Жогорку Кеңешке мүчө болгон депутаттарга берилген кызматтык ысым.

Түркияда 3 түрдүү сенаторлук бар. Алар: 1. жалпы элдик референдумда шайланган сенаторлор (150гө жакын), 2. президент тарабынан шайланган жана квота боюнча келген сенаторлор (15ке жакын), 3. туруктуу сенатор деп аталган экс-президенттер жана Улуттук Бирдик Комитетинин экс-мүчөлөрү. Бирок Түркияда 1980-жылы 12-сентябрда болуп өткөн төңкөрүштөн кийин парламент таратылып, сенаторлук система да ишин токтоткон. Ага чейинки парламенттеги сенаторлук система төмөнкүдөй болчу: Сенатор болуш үчүн 40 жаштан өтүш керек жана жогорку билимдүү болуш керек. Сенаторлук мөөнөт - 6 жыл. Протокол боюнча сенаторлор депутаттардан жогорку статуста болот. Кандайдыр бир мыйзам талкууга алынганда, алгач ал Эл Өкүлдөр Жыйынында каралып, анан Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Стамбулдан 19, Анкарадан 7, Измирден 6 сенатор шайланат. Башка дубандарда калктын санына жараша 1-5 сенатор шайлана алат. Сенаторлор менен депутаттар үчүн бирдей эреже- принциптер бар. Булардын негизгилери: улуттун символу болуу, кызматты баштаарда ант берүү, мүчөлүккө тиешеси жок иштерди жүргүзбөө, мыйзамдуу түрдө кол тийбестик, мүчөлүктөн мамлекет тарабынан алынып салуу, мүчөлүгүн жоюу, өлкөнүн саясатына байланыштуу иштерди жүргүзгөндө мамлекеттин аларга акча каражатын бөлүүсү жана өлкөнүн иштери боюнча жол жүргөндө мамлекеттин бардык чыгашаны көтөрүүсүнө байланышкан эрежелер. Булардын баары конституциядагы мыйзамдарга карата жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9