Кимсанов Ашым Кимсанович

Википедия дан

Кимсанов Ашым Кимсанович (9.6.1949-ж.т., Ош облусу, Өзгөн району, Кош-Этер айылы) - геология тармагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардактуу атуулу.

Фрунзе политехникалык институтун бүткөн (1973). 1978-98-жылдары Чаткал геологиялык экспедициясында механик, башкы механик, начальниктин орун басары, башкы инженер, 1998-2002-жылдары Жалал-Абад геологиялык чалгындоо партиясынын начальниги, 2002-11-жылдары «Кыргызалтын» ААКтын «Терек-Сай рудниги филиалы» ишканасынын директору болуп иштеген. Райондук жана Терек-Сай шаарча кеңештеринин депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6