Кинотасма

Википедия дан

Кинотасма, киноплёнка — бир нече катмарлуу, эки чети тепчилме тешик жана жарык сезгич, ийилчээк тасма түрүндөгү материал. Ал — кино тартууда жана кинофильмдердин көчүрмөлөрүн басуудагы эң негизги каражат. Плёнканын чийки заты — кебез. Плёнка чыгаруучу химиялык заводдордо кебез механикалык аралашмалардан бөлүнүп, майы чыгарылып, агартылып таза жуулат. Ал уксус кислотасына аралаштырылып, ацетилцеллюлоза алынат. Ага ацетон кошулуп, коюу аралашма түзүлөт. Буга пластификатор заттарын (камфара, диэтилфталат, трифенилфосфат ж. б.) кошкондо ийилчээк касиетке ээ болот. Коюу аралашма атайын машиналарга куюлуп, андан кинотасманын негизи алынат. Негиздин үстүнө атайын жасалган аралашмалар (эмульсия, ортоңку жана сырткы катмарлардын аралашмалары) машиналар менен куюлат. Ортоңку катмар плёнканын негизи менен эмульсияны (жарыкты сезүүчү катмарды) тыгыз бириктирип, сырткы катмар плёнканы буралуудан сактайт. Плёнканын эң негизгиси — эмульсия катмары. Эмульсия таза желатинден алынат. Плёнкалар түстүү жана түссүз болуп бөлүнөт: биринчисине ДС-5М, ЛН-7, экинчисине КН-1, КН-2, КН-3, КН-4 плёнкалары кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]