Кино искусствосу

Википедия дан

Кино искусствосу — көркөм чыгармачылыктын бир түрү; өзүнүн өзгөчөлүгүнө ылайык адабият менен театрдын, сүрөт өнөрүнүн музыканын көркөм касиеттерин сиңирип пайда болгон жана өнүккөн синтездүү искусство. Искусствонун башка түрлөрүндөй эле кино искусствосу да турмуш чындыгын чагылдырат. Жаңы фильмди жаратууда кинодраматург, режиссёр, актёрлор, оператор, сүрөтчү, композитор, түрдүү аппаратура, аспаптарды башкарган техникалык адистер катышат. Кино искусствосу негизинен көркөм фильм, документ кино, мультипликациялык фильм жана илимий-популярдуу кино болуп бөлүнөт. Фильм чыгаруу жана аны көрүүчүлөргө тартуулоо — чыгармачылык жана уюштуруу ишин талап кылган татаал процесс. Кино искусствосунун өнүгүү тарыхы шарттуу түрдө 4 мезгилге бөлүнөт. Биринчи мезгил бир тууган Л. жана О. Люмьерлер «жандуу фотографияны» ойлоп тапкандан тартып (1895) биринчи дүйнөлүк согуш (1914—18) бүткөнгө чейинки учурду камтыйт. Алгачкы фильмдерде окуя бир жерде тартылып, актёрлор театр техникасын, адабият менен театр тажрыйбасын, цирк аттракционунун ыкмасын пайдаланган. Кино искусствонун алгачкы өнүгүшүнө режиссёр Ж. Мельес, М. Линдер (Франция), Я. Протазанов, В. Гардин (Россия), Д. Гриффит, Ч. Чаплин (АКШ) чоң салым кошкон. Экинч и мезгилимий 1920-жылдары «үнсүз» кино өз алдынча искусство катары калыптанган. Хроникалуу документ фильм менен тарыхый революциялык монтаждуу фильм чыгарылган. Үчүнчү мезгил 1930—40-жылдарды камтыйт. Бул мезгилде кинотасмага үн жазуу техникасы киргизилген. Кинодраматургия өсүп, үндүү кинонун пайда болушу актёрлордун чыгармачылыгына кеңири жол ачкан. Төртүнчү мезгилимий Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин кино искусствосунун өнүгүшүнүн жаңы мезгили башталган. Бул жылдары кинотехниканын мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши менен көркөм каражаттар көбөйгөн. Түстүү кино тартуу башталып, кең экрандуу жана панорамалуу фильмдер пайда болгон. Кең экрандуу фильмдерде стерео үн колдонулат. Фильм, эреже катары, коллективдүү эмгектин натыйжасы болуп саналат, ага сценарист, режиссёр, оператор, сүрөтчү, композитор, монтаждоочу, көркөм фильмде актёрлор, ошондой эле бир катар чыгармачылык, техникалык жана административдик кызматкерлер катышат. Чыгармачылык процессте негизги роль режиссёрго таандык. Кыргызстанда кино тартуу 1942-жылы башталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]