Кирешелер тууралуу декларация
Кирешелер тууралуу декларация — жеке адамдардын белгилүү бир мезгил ичиндеги (адатта бир жыл үчүн) кирешеси жана ал кирешелерден төлөнгөн салыктар тууралуу мамлекеттик органдарга берген билдирүүсү. Толтурулган декларацияны берген адам декларант деп аталат. Ар жылы декларация толтуруу Кыргызстанда да жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9