Китепкана

Википедия дан
Британия музейнин атактуу окуу залы (1857 жылы ачылган)

Китепкана, кызылүй (грек. βιβλιοθήκη / bibliothēkē, βιβλίον / biblíon «китеп» жана θήκη / thēkē «сактоо жайы») — басмадан чыккан китеп, журнал, газеталарды топтоо, сорттоо, окурмандарга берүү, пропагандалоо боюнча иш алып баруучу, ошондой эле библиографиялык иштерди жүргүзүүчү мекеме. Милдетине, китеп фондуна жана иштөө методуна жараша китепканалар массалык, илим жана атайын деп бөлүнөт.

Массалык китепканалардын негизги милдеттери: адабияттарды талдоо жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жеткирүү, илим китепканалар илим, эл чарбасы жана маданият тармагындагы адистерди тейлейт. Ошондой эле жогорку жана орто окуу жайлардын студенттер жана окутуучулар курамынын муктаждыктарын канааттандырат. Илим китепканага мамлекеттик, академиялык, университеттик жана илимдин түрдүү тармагы боюнча китепканалар кирет. Атайын китепканага техника, ишкана, илим изилдөө институттары менен жогорку окуу жайлардын китепканалары кирет. Китепканалардын негизги багыты – китеп фондун комплекттөө жана уюштуруу, китеп окуучуларды тейлөө.
Китепкана аралык абонемент (КАА) – калкты китеп менен тейлөө формасы.

Китепкана каталогу

Китепкана каталогу – китепканадагы басмадан чыккан китептердин тизмеси. Китепкана каталогу китепканалардын фондунда кандай китептер барын билүүгө, аларды талдап окуганга көмөк берет. Каталогдор системалык, сабактык, алиппелик, номерлүү деп бөлүнөт. Системалык каталогдо карточкалар илимдин тармактары боюнча бөлүнүп, анын ичи алиппе тартибинде жайгашат. Алиппелик каталогдо карточкалар автордун аты-жөнү боюнча алиппе тартибинде берилет. Номерлүү каталогдо карточкалар китепке берилген номерлер боюнча орун алат.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандагы алгачкы китепкана


Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004