Кичи жер тундрасы

Википедия дан

Кичи жер тундрасыПечора дарыясынын төмөнкү агымы менен Индига дарыясынын аралыгындагы аймак, Россиянын Ненец улут округунда. Рельефи түзөң, Баренц деңизин бойлой 60—80 м бийиктиктеги тектирчелер, борбордук бөлүгүндө майда дөбө-дөңсөөлүү морена түздүктөрү, айрым жерлеринде бийиктиги 140—180 мге жеткен дөңсөөлөр жана жалчалар бар; негизгиси Ненец жалчасы, бийиктиги 140 мге чейин. Сулла, Сойма жана Индига дарыяларынын алаптары өтө саздуу. Антропогендик деңиз жана континенттик чөкмөлөрдөн түзүлгөн. Көлү көп, ирилери — Урдюж, Индига ж. б. Климаты катаал, кышы узак, январдын орточо температурасы —16... —17°C, жайы кыска, салкын, июлдуку 8°C (түндүктө), 12°C (түштүктө). Жылдык жаан-чачыны 300—350 мм. Бадалдуу жана эңилчектүү тундра басымдуу. Негизги чарбасы — бугу багуу, балык кармоо, аңчылык кылуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]