Кнорринг долоносу
Кнорринг долоносу (лат. Crataegus knorringiana, Pojark) - Бийиктиги 5-6 м ге жеткен дарак. Жалбырактары ичке эллипстей, жумуртка же калакча сымал. Мөмөсү сары, майда, данекчелери беш терең чуңкурлуу. Бул өсүмдүктүн курамында тритерпендер аныкталган.
Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Табигый шартта апрелдин аягы – майдын башында гүлдөйт. Мөмөсү сентябрда бышып жетилип, октябрда вегетациясы аяктайт. Уругунан көбөйөт.
Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргызстан: Чычкан дарыясынын өзөнү, Чаткал, Фергана, Алай тоо кыркалары.
Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Дарак-бадалдардын арасында, суулардын өзөнүндө, таштуу жана майда топурактуу төмөнкү жана ортоңку алкактардагы тоо беттеринде кездешет.
Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Анча көп эмес. Бирин-серин өсөт.
Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Өсүмдүк өскөн территорияларды чарбачылык жактан өздөштүрүү. Жергиликтүү калк отун катары пайдаланат. Калыптанып өсүшү өтө начар.
Өстүрүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Маалымат жок.
Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1985-жылдан бери Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде катталган.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Тоскоолата жана Каралма токой чарбаларында сакталып калган өсүмдүктөрдүн эсебин алып, аларды кыйуудан, жаш көчөттөрүн мал оттотуудан сактоо зарыл.
Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
V U . Чектелген кууш эндем түр.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2