Кожомкул

Википедия дан

Кожомкул (1982-ж. чейин Сегизинчи Март) — Нарын облатынын Жумгал районундагы Суусамыр айыл советине караштуу кыштак. «Кызыл-Ой» селхозунун аймагында. Көкемерен суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Чаек кыштагынанан 76 км батыш тарапта, Кара-Балта темир жол станциясынан 120 км. 1938-ж. чейин негизделген. Калкы 997 (1987); негизинен мал чарбасында (кой, уй, жылкы) эмгектенишет. Орто мектеп, амбулатория, клуб, китепкана, универмаг, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлумдөру бар. Кыштак кыргыз балбаны Каба уулу Кожомкулдун ысмынан аталган. Мында Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Текелдешев туулган.