Кожомкул орто мектеби

Википедия дан

Кожомкул орто мектеби - Мырзакматов Сапарбек атындагы Суусамыр айыл округуна караштуу Кожомкул кыштагында жайгашкан.

Жети-Кул айылында 1927-жылы Кара-Суу мектеби болуп негизделген. Мектептин атайын имараты жоктугунан окуучулар байлардан конфискацияланып алынган үйлөрдүн улам бирине которулуп окушкан. Мындай ыңгайсыз абалдан чыгаруу үчүн атактуу балбан, ошол кездеги айыл кеңешинин төрагасы Кожомкул Каба уулунун демилгеси менен 1937-38окуу жылына карата төрт бөлмөлүү мектеп имараты курулуп бүтөт.

Мектепти жергиликтүү усталар - Апыш Буланов, Бейшенбай Маадамилов, Жекшенби Кен-жалиев, Чачтыбек Жалиевдер курушкан. Ал эми курулуш материалдарын эл эки-үч бел ашып Көлмө деген жерден атка артып алып келип турушкан. Мектептин курулушуна алгачкы директор Шакен Токтомушев, мугалимдери Текиш Эркегулов, Насыр Байтурсунов ж. б. демилгечилерден болуп, чоң жардам көрсөтүшкөн.

Мектеп адегенде башталгыч, андан кийин жети жылдык, 1968-жылдан орто мектеп. Ушул мектептин негизинде 8Март орто мектеби ачылган. 1994-жылдан Сапарбек Мырзакматов атында. 1927-28-жылы алгач Шакен Токтомушев, андан кийин Насыр Байтурсунов, Муктар Кожомкулов (1981-2007), Уланбек Жусупакматов ж. б. (1945-52) ж. б. жетекчи болушкан.

2007-жылдан Орозаалы Сагынбаев жетектейт. Мектепте 2007-10-окуу жылына карата 23 мугалим (а. и. 21 жогорку, 2 атайын орто билимдүү, 6 эл агартуунун отличниги, бир мугалим Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган) эмгектенип, 188 окуучу билим алууда. Совет бийлиги орногон алгачкы жылдары Кара-Суу деген жерде Суусамыр элинин сабатсыздыгын жоюуну алгачкылардан болуп чал уруусунан чыккан Муратаалы уулу Үсөнаалы уюштуруп, балдарды жер төлөдө окуткан. Алардын ичинде белгилүү инсандар Насыр Байтурсунов, Мансур Зайнидинов, Жусупакмат Данияров, Жакып Чоконов, Аргымбай кызы Турду, Насыр Ысырайылов ж. б. болушкан.

Мектептин учурдагы типтүү имараты планга 2004-05-ж. киргизилип, 2006-ж. буткөрүлгөн. Бул мектептин курулушуна ошол учурдагы Суусамыр айыл өкмөт башчысы С. Төралиев демилгечи болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9