Колдонуучу:Kgbek/Тилеке бий, Куттуксейит уулу

Википедия дан

Куттуксейит уулу Тилеке бий — 17-кылымдагы кыргыздардын жалпы башкаруучусу, багыш уруусунун бийи.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тагай бийдин уулу Карачоронун уулу Көкүм бий 17-кылымдын башында Эр Эшим менен союздаш болуп, Ташкент аймагын башкаргандыгы маалым. Санжыра боюнча, Көкүм бийдин эки уулу болгон: Куттуксейит жана Иман. Ал эми Куттуксейиттин уулдарынын бири – Тилеке баатыр.

Тарыхчы А.Мокеевдин изилдөөсүнө караганда, Куттуксейит деген бий өзүнүн Тилеке жана Каракытай деген уулдары менен чогуу Анжиянга жортуул кылып турушкан. Тилеке баатыр жаш кезинде, 1610-11-жылдары Үч-Турпан, Аксу тарапка 3000 жоокер менен жортуулга баргандыгы жазма тарыхый булактарда маалым. Кийин Тилеке бий жалпы кыргыздардын башкаруучусу болгон.

XVII к. 40-жж. баштап жуңгарлардын күчтөнө баштоосунан улам орто азиялык мамлекеттер бири-бири менен болгон согуштарын токтотушуп, тышкы душманга каршы биригишкен. Бухара хандыгы менен кыргыз мамлекетинин ортосунда союз түзүлүп, Абдулазиз хан кыргыздардан Тилеке бийдин Алтынбүбү деген кызына үйлөнгөн. Ушундай эле туугандашуу Абдулазиз хан менен Жаңгир хандын, Жаңгир хан менен Жолборс хандын ортолорунда да болгон. Ошентип, орто азиялыктар жуңгар жапырыгын убактылуу токтото алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]