Колдонуучу:Kgbek/Хан Тейиш
Хан Тейиш, же Кантейиш — кыргыздын багыш уруусунун бийи, 17-кылымдагы кыргыз урууларынын жалпы башкаруучусу, жуңгарларга каршы күрөштүн жетекчиси.
Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Багыш уруусунан чыккан Тейиштин атасы Түлкү же Тилеке деп эскерилип, ал Тагай бийдин Карачоросунун урпагы болгондугу айтылат. Ал эми Тейиштин энеси казак хандарынын тукумунан болгон.
17-кылымдын ортолорунда кыргыз-бухара-казак-могол биримдиги жуңгарлардын жапырыгына туруштук бере албай жеңилип, ал эми Теңир-Тоодо калмак Калдаманын бийлиги орногон. 1670-жылдары кыргыздар кайрадан күч топтоп, Тейиш деген бийди өздөрүнө атайын хан кылып шайлашкан.
Хан Тейиш казак элинин Тооке ханы менен жакын дос болуп, алар душманга каршы аскердик союз түзүшкөн. 1680-жылдардагы жуңгар-кыргыз согушунда анын колбашчылыгындагы кыргыз жоокерлери чоң эрдик көрсөтүшкөн.
Хан Тейиштин эки уулу: Аккочкор менен Каңкы да мыкты баатырлардан болуп, согуш майданында курман болушкан.