Колоратера

Википедия дан

Колоратера (италянча coloratura, латынча coloro — кооздоо) — вокалдык партиянын жана ырдын обонун кооздоп, көркөмдөп, түрлөнтө аткаруу ыкмасы. Колоратера вокалдык музыканын көптөгөн түрлөрүндө бар. Ал Кайра жаралуу доорунан баштап чиркөө ырларында, айрым элдик профессионал ырдоо өнөрүндө (мисалы, азербайжандыктардын ашугунда) кездешет. 18-19кылымдан тартып итал. операларда кеңири өнүккөн. Айрыкча аялдардын бийик үндөрүндө, лирикалык тенор, бас-буффаларда тараган. Чыглыктын өзүнчө бир көркөмдүк ыкмасы катары Колоратераны классик комп. А. Скарлатти, В. Моцарт, Ж. Россини, А. Дели, Ж. Верди, М. Глинка, Н. Римский-Корсаков, кыргыз комп. Н. Давлесов жана башкалар пайдаланышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]