Коло доорундагы көрүстөндөр

Википедия дан

Коло доорундагы көрүстөндөр — биздин заманга чейинки 2-миң жылдык – биздин заманга чейинки 8-кылымга таандык археологиялык эстеликтер. Көрүстөндөрдүн түзүлүшү, кошо коюлган буюмдардын баалуулугу жана көлөмү боюнча көмүлгөн адамдын мүлктүк же социалдык жактан айырмачылыгы баамдалат. Көрүстөндөрдө күлдүн жана адамдын өрттөлгөн сөөгүнүн кездешиши алардын диний ишениминде отко сыйынуу болгондугун айгинелейт. Адамды көмүү учурунда от колдонулуп, көрдүн тегерегинде диний ырымдар аткарылган. Сөөктү өрттөө менен катар айрым көрүстөндөрдө сөөктү бүрүштүрүп, көрдүн сол капталына жаткызган учурлар да кездешет. Көрүстөндөрдөгү сөөктүн жанында күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдардын бар экендиги (чопо идиштер, тамакаш калдыктары, кооздуктар, курал-жарактар) жана көрдүн үй сымал түзүлүшү тиги дүйнөдө жашоо уланат деген ишенимдин болгондугун көрсөтөт. Көрдүн сыртындагы коргондун ичинен чопо идиштердин табылышы сөөктү койгондон кийин маркумду эскерүү, анын арбагына сыйынуу жөрөлгөсүнүн калыптангандыгын тастыктайт. Кыргндагы байыркы коло дооруна таандык эстелик — Ак-Суу чебинин калдыгы (биздин заманга чейинки 15-14-к.), коло доорунун эстеликтери — Арпа көрүстөнү, Пригородный айылына жакын жерде табылган көрүстөн, Таш-Төбө, Таш-Башат, Жазы-Кечүү, Тегирмен-Сай, Кулан-Сай, КызылСай, Жол-Арык жана башкалар көрүстөндөр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]