Колун бооруна алуу

Википедия дан

Колун бооруна алуу — жоокерчилик доордун шартында жеңген тарапка жеңилген тараптын башчысы айыбы үчүн эки колун бооруна алып кечирим суроо өтүнүчү. Кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого көчүрүп келген Манасты «калмактардан коркуп качып келген бул качкын жеримди тарытып жиберди» деп өзү катылып жеңилген Шоорук кан:

Алтымыш нөкөр кашында,

Алтындуу таажы башында

Эми келди Шоорук кан

Элүү сегиз жашында,

Бото куру мойнунда,

Эки колу боорунда

Жаш төгүлүп койнуна (Сагымбай Орозбаков, 2. 218) Манас баатырдын алдында жалынат. Эпостук мындай салт кыздары тартуу, малы олжо болуп турган жоокерчилик доордун мүнөзүнө туура келген жана айыпка жыгылган адамдын күнөөсүн кечиргендиктин белгиси катарында бааланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4