Кол дыйканчылыгы

Википедия дан

Кол дыйканчылыгы — таяк-чот дыйканчылыгы. Мында дыйканчылык кол эмгегинин куралдары менен - жыгач жер казгычтар, бут тиреп казуучу таяк, таш менен оордотулган таяк, мүйүз, сөөк жана металл учтар сапталган таяк, күрөк, калак, айры түспөлүндөгү жер каза турган жыгач куралдар менен, жыгач же ар түрдүү типтеги таш, мүйүз, металл учтар сапталган чот менен, жөөк салуучу чотүрөк жана башка менен ишке ашырылат. Жер иштетүүнүн кол эмгек куралдары Африканын, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын, Океаниянын, Латын Америкасынын тропикалык өлкөлөрүндөгү салттуу дыйканчылыктын интенсивдүү да, экстенсивдүү да формаларында кеңири пайдаланылат. Буурсун тараганга чейин жана айдоо куралдары табылганга чейин жер коңторуу кол эмгегинин куралдарынын жардамы менен гана ишке ашырылган, кээде гана, тропикалык Азияда суулуу талааны малга тебелетип жумшартышкан. Ошондуктан кол эмгегине негизделген дыйканчылык генетикалык жактан да, тарыхый жактан да эң байыркы тип болуп эсептелет. Дыйканчылык жерлерин кол эмгек куралдарынын жардамы менен иштетүү - жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуудагы жана түшүмдү камсыз кылуудагы иш-чаралардын маанилүү бөлүгү; мындай иш-чараларга дыйканчылыктын агротехникалык системалары, жер семирткич пайдалануу, мелиорация иштери кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]