Ком

Википедия дан

Ком - төөнүн токулгасы. Комдун көлөмү бир тутамдай жоон келген, узундугу 2 м. чамалуу узун ком жыгач болгон. Анын эки чети 15-20 см, орто жери 30-40 см. жазы, узуну болсо 120-140 см. келген калың сызма же кайыш менен бириктирилген. Алардын алдыңкы бети 2-3 кат кийиз менен ичмектелген. Төөнүн эки өркөчү комдун эки тешигинен өткөрүлүп токулган. Ком оймо-чийме, сайма жана башка менен кооздолгон. Кыргыздар кээде боз үйдүн уугун же керегесин ком жыгач катары пайдалана билишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]