Комузчулар ансамбли

Википедия дан

Комузчулар ансамбли – музыкалык коллектив; Кыргыз улуттук филармониясынын эл аспаптар оркестринин комуз күүлөрүн аткаруучу чакан тобу. Алгачкы Комузчулар ансамблин М. Күрөңкөев 1922-ж. Каракол шаарында, 1933-ж. К. Орозов уюштурат. Кыргыз комузчуларынын туңгуч республикалык кароосуна (1936) Ысык-Көл районунун Комузчулар ансамбли катышкан. 1938-ж. А. Огомбаев Фрунзеде 3 кишиден (А. Огомбаев, Б. Кулболдиев, С. Айманбетов) турган Комузчулар ансамблин уюштурган. Кийинчерээк ансамблдин катышуучуларынын катарын К. Молдобасанов, Т. Карымшаков, Ш. Шеркулов, С. Медетов, А. Эшмамбетов өңдүү чебер аткаруучулар толуктаган. Ансамблде кол ойнотуу, маштап аткаруу ыкмалары менен айтым күүлөр чертилген. Ансамблдин аткаруучулук чеберчилиги кыргыз искусствосунун Москва шаарында өткөн (1939) он күндүгүндө жогору бааланган. Комузчулар ансамбли Орто Азия респларынын жана Казакстандын музыкалык он күндүктөрүнө (1942-ж. Фрунзе; 1944-ж. Ташкент) катышкан. Ансамблдин репертуарында Атайдын «Кыз кербез», «Ак тамак, Көк тамак», Айдараалынын «Көйрөң күү», Токтогулдун «Чайкама», «Чоң кербез», Ниязаалынын «Кара өзгөй», Карамолдонун «Жаш кербез» ж. б. күүлөр болгон. Атайдын «Маш ботой», Токтогулдун «Келгендеги кербезим» өңдүү күүлөрүн оркестрдин коштоосу менен да аткарган. Комузчулар ансамбли Москвада (1957), Софияда (1968) өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин фестивалдарынын лауреаты, 1958-ж. Кыргыз адабияты менен исквосунун Москвада өткөн он күндүгүндө жогорку баага татыган. 1970–80-жылдары ансамблди Ч. Исабаев жетектеген. Ансамбль Франция, Канада, Япония, Сирия, Финляндия, Моңголия, АКШ, Түркия ж. б. чет өлкөлөрдө жа Кыргыз эл аспаптар оркестри менен бирге КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүк шаарларында гастролдо болгон. Комузчулар ансамблинин салтын улантуу максатында 1998-ж. М. Абдраев атындагы Республикалык музыкалык мектеп-интернаттын алдында «Акак» Комузчулар ансамбли түзүлгөн (негиздөөчүсү И. Суеркулова, көркөм жетекчиси К. Жекшенов). Репертуарында: «Ибарат» (К. Орозов), «Ак тамак, Көк тамак», «Маш ботой», (А. Огомбаев), «Жеңиш күүсү» (Ы. Туманов), «Кара өзгөй», «Кер толгоо» (Н. Борошев) ж. б. Ансамбль көптөгөн республикалык кароо сынактарга, эл аралык конкурстарга жана фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болгон. Комузчулар ансамбли Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин коштоосунда жана А. Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестринин коштоосунда Ала-Тоо аянтында өткөрүлүүчү мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга катышып турат. «Акак» Комузчулар ансамбли чет өлкөлөрдө – АКШ, Дания, Польша, Россия, Түркия, Франция, Швеция жана Борбордук Азия мамлекеттеринде кыргыз күүлөрүн даңазалоодо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]