Консоциативдүүлүк

Википедия дан

Консоциативдүүлүк (англ, conso-ciationism) - коомдогу автономдуу сегменттердин кызыкчылыктарын коргогон саясий элиталардын ортосундагы кызматташтыктан улам келип чыккан бийликти түзүү принциби;

Консоциативдүүлүк принцибине таянуу «улуттук биримдикти» жогорку деңгээлде кармап турууга, «фрагменттешкен саясий маданиятка» (А.Лейпхарт) ээ өлкөлөрдө демократиянын стабилдүүлүгүн орнотууга жардам берет. «Консоциация» (коомдук биргелешүү тобу) термини саясат таануу илимине биринчилерден болуп Д.Аптер тарабынан киргизилген. Консоциативдүүлүк бийлик системасынын түзүлүшүнүн элитардык мүнөзүн көрсөтөт. Консоциативдүүлүк эффективдүүлүгү саясий элитанын курамындагылардын кызматташууга канчалык деңгээлде даярдыгына, лидерлердин толеранттуулугуна жана элита ортосундагы кызматташтыктын институционалдык түзүлүшүнүн ийкемдүүлүгүнө байланыштуу болот. Мындай шарттардын жоктугу саясий системанын урашына, ал эми саясий системанын урашы зордук-зомбулуктун күчөшүнө алып келет (Ливан, Кипр, Югославия).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8