Конспект
Конспект (лат. conspectus — чагылдыруу, очерк) - бул маалыматтарды, түшүнүктөрдү, идеяларды, мугалимдин же адабий булактарда баяндалган сөздөрдү кыскача жазуу.
Конспекттин түрлөрү:
- План-конспект
- Схематикалык конспект
- Текстуалдык конспект
- Тематикалык конспект
- Эркин
- Улансын
Нурси жашыл
План-конспект[түзөтүү | булагын түзөтүү]
План-конспект - бул алдын ала даярдалган пландык материалдын негизинде ишке ашат. Планда пункт жана пунктчалардан турган пландын ар бирин ачып жазуу план-конспект деп аталат.
Схематикалык конспект[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бул конспекттин түрү пландагы пункттардын суроолоруна жооп берүү аркылуу ишке ашат. Маалыматты изилдөөдө суроолорго 2-3 сүйлөм менен жооп беришиңиз керек. Мындай конспект маалыматты жакшы өздөштүрүүгө жардам берет.
Текстуалдык конспект[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Башка конспекттин түрлөрүнө караганда бир кыйла мазмундуу болуп саналат. Бул конспекттин түрү тексттеги үзүндүдөн жана цитаталардан турушу мүмкүн.
Тематикалык конспект[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Маалыматты мындай ыкма менен жазуу башкалардан бир кыйла айырмаланып турат. Бир суроого жооп берүүдө ар кайсы булактардан алынган маалыматтар менен иштөөгө туура келет.
Эркин[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бул конспекттин түрүндө цитаталар, плпандар, тезистер ж.б камтылышы мүмкүн. План, циталар менен иштөөнү, өз оюңузду жакшы баяндоону жакшы билишиңиз керек. Маалыматты мындай конспекттөө толук кандуу болуп саналат.