Консулдук өкүлчүлүк

Википедия дан

Консулдук өкүлчүлүк – мамлекеттин тышкы байланыш органдарынын бири, эки мамлекеттин ортосунда консулдук мамилелер түзүлгөнүнүн натыйжасында уюштурулат. Анын жайгашкан жери, айрым учурларда кызматкерлеринин саны өкүлчүлүгү болгон жана барган мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашылат. Башкы консулдук, консулдук, вице-консулдук жана консулдук агенттик болуп бөлүнөт. К. ө-түн иши өкүлчүлүгү болгон мамлекеттин элчилиги жана тышкы иштер министрлиги тарабынан багытталат. Ал штаттык жана штаттык эмес (ардактуу) болушу мүмкүн. К. ө-түн статусу эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерде (негизинен 1963-жылкы Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболору менен) аныкталат. КР мыйзамдарында «консулдук мекеме» деген аталгы пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]