Коомдук экономикалык формация

Wikipedia дан

Коомдук экономикалык формация – тарыхты материалисттик түшүнүүнүн негизги, өзөктүү түшүнүгү. Анын мазмунун коомдо үстөмдүк кылган өндүрүш мамилелери (экономикалык базис), ошоной эле ага шайкеш келген саясий-укуктук жана идеологиялык надстройка түзөт. Көркөмдөп айтканда базис формациянын скелетин түзөт, ал эми надстройка бул скелетти эт, кан тамыр менен толтурат. Формациянын өндүрүш мамилелериндеги ордун аныктаган мындай мазмунуна ылайык ага жалпы аныктама берилет.

Коомдук экономикалык формация – бул коомдо үстөмдүк кылган өндүрүш мамилелеринин мыйзамдарына ылайык иштеген жана өнүккөн коомдун белгилүү бир тарыхый тиби. Өндүргүч күчтөр формацияны түздөн түз мүнөздөй алышпайт, бирок, анын ар бир тибинин пайда болушу жана өнүгүшү үчүн зор мааниге ээ. Биринчиден, алардын өнүгүшүнүн белгилүү бир деңгээли бир формациядан экинчисине өтүү үчүн зарыл шарт, негиз болуп саналат. Экинчиден, өндүргүч күчтөр, коомдун материалдык-техникалык базасынын деңгээли ар бир конкреттүү формациянын бышып жетилгендигинин, өнүгүү деңгээлинин маанилүү көрсөткүчү болуп эсептелет. Алгачкы жамааттык коом, кул ээлөөчүлүк (антикалык), феодалдык, капиталисттик жана коммунисттик деп аталган беш коомдук экономикалык формациялардан сырткары тарыхый материализмдин теориясында төмөнкүдөй үч мегаформациянын болгондугу тууралуу түшүнүктөр кездешет:
1) архаикалык формация – анда байлыктын негизги булагы болуп жаратылыш эсептелген;
2) экономикалык формация – ал жеке менчикке жана байлыктын булагы болуп эсептелген эмгекке негизделген;
3) коммунисттик формация – ал коомдук менчикке жана коомдун негизги капиталы болуп эсептелген адамды өнүктүрүүгө таянат.

Көлөмү боюнча формация түшүнүгү коом түшүнүгүнө дал келбейт.
Формация – бул коомдун логикалык-теориялык модели, анын идеалдаштырылган орточо тиби. Коом формациялык мазмундан сырткары өз кучагына өнүгүүнүн мурдагы же келечектеги тепкичтерине ылайык келген чарбалык укладды, адамдардын жамаатынын ар кандай формаларын, тилди, табиятты, коомдук аң-сезимдин формаларын ж. б. камтыйт. Аталган факторлор формациялар үчүн мүнөздүү болбосо да, алар формация тарабынан зор таасирге чалдыгышат.

Коомдук экономикалык формация тууралуу окуу зор методологиялык мааниге ээ:

  • ал дүйнөлүк тарыхтын эң башкы линиясын аныктайт;
  • коомду конкреттүү тарыхый анализге тартуунун мүмкүнчүлүгүн түзөт;
  • тарыхты илимге негизделген доорлорго бөлүштүрүүнү мүмкүн кылат;
  • айрым өлкөлөр менен элдердин жашоо шарттары менен өнүгүүсүн объективдүү салыштырууга мүмкүн-дүк берет;
  • коомдун өнүгүшүн табигый-тарыхый процесс катары түшүндүрөт.

Коомдук экономикалык формация концепциясы идеалдуу (телегейи тегиз), тарыхтын негизги көйгөйлөрүн баарын чечүүгө жаракдуу окуу болуп эсептелбейт. Бул окуу өткөндүн жана учурдун реалийлерине шайкеш келген туралоого, кошумча-алымчаларга муктаж. Аталган концепциянын азыркы учурда активдүү түрдө өнүгүп жаткан коомдун цивилизациялык жобосу менен болгон байланышы, аларды кандайдыр бир биримдикте пайдалануу тарыхты тигил же бул деңгээлде туура жана толук чагылдыруу мүмкүн-чүлүгүн түзөт.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8