Коомдук (акысыз) тармак

Википедия дан

Англисче аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Computer network equipmen

Орусча аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компьютерное оборудование сети

Түшүндүрмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компьютердик тармак жабдуулары кабел, тармак кардтар, коннектор, концентраторлор, жолтапкычтар, коммутаторлор ж.б.у.с. түзүлүштөрдү камтыйт. Реалдык тармак иштеш үчүн ар компьютер үчүн тармак такталары талап кылынат. Тармак кардтары компьютерди системдик тактасынын бош коңул орундарына орнотулат. Тармак кардтына атайын бириктиргич аркылуу кабел туташтырылат. Тармак кардтан башка концентраторлор, коммутаторлор ж.б. түзүлүштөр колдонулат. Концентраторлор компьютерлерди жылдызча тармак түрүндө уюштурууга мүмкүндүк берет. Ар компьютер концентратор менен узундугу 200 метрге чейин кабел аркылуу туташтырылат. Эгерде 200 метрден узун болуп калса анда кошумча концентраторду пайдалануу керек. Коммутатор бул жайылган чоң компьютер тармактарын түзүүдө концентраторлорду туташтыруучу түзүлүш. Коммутатордун жардамы менен бир нече жылдызча тармактан турган тармакты түзүүгө болот.

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак.
    "КОМПЬЮТЕР жана ИНТЕРНЕТ Энциклопедиялык окуу куралы".
    Башкы редактор Ү. Асанов; Ред. кеңеш У.Н.Бримкулов. - Бишкек, Кыргызстан 2004-ж.