Кораллдар

Wikipedia дан

Кораллдар – майда деңиз жаныбарлары


кораллдан жасалган шуру
Коралл

Түшүндүрмө[оңдоо]

Коралдар – ичеги көңдөйлүү(ичи көңдөй, бош) деңиз жаныбарлары. Тактап айтканда, жылып жүрүшпөй бир жерде, бири – бирине бекем жабышкан бойдон өсүп чоңоюучу өтө майда организм полип деп аталат.

Ошондой эле коралдардын кээ бир түрүнүн скелеттери да кораллдар деп аталышат. Кызыл жана кара кораллдардан түркүн жасалгалар (мисалы, шуру), сувенирлер жасалат.

Кызыл коралл Жер Ортолук деңизинде (Грециянын түштүгүндө, Африканын түндүк жээктеринде), ал эми кара коралл Персия булуңунда өндүрүлөт. Айта кетчү нерсе, коралл шурулары адамзаты колдонгон эң алгачкы кооздук материал болуп саналат.

Сыртынан караганда кораллдар дарак же бадалдарды элестетет.

Кораллдар жумшак жана катуу болуп эки топко бөлүнүшөт.

Жумшак кораллдардын скелети болбойт, андыктан булар рифтерди тузө алышпайт. Булардын кээ бир түрлөрү гана деңиз өсүмдүктөрү менен чогуу жашашат. катуу кораллдардын скелети болгондуктан, рифтерди түзүшөт жана бардык түрлөрү өсүмдүктөр менен биргеликте жашоо кечиришет.


Тамак жана орун үчүн коңшусун уусу менен өлтүрөт[оңдоо]

Полиптин кээ бир турлорүнүн өлчөмү төөнөгүчтүн башындай болсо, кээбирлериники 30 см дейре жетет. Денесинин бир жагы ичке тартыа кетчү трубканы элестетет. Ичке жагы менен бир нерсеге биротоло жабышып алса, экинчи жагы оозу. Бул менен тамак жейт, ошол эле учурда ал аркылуу заара, заңдары сыртка чыгарылып турат. Оозунда тамак табууга ылайыкташкан 6 – 8 тинтүүрлөрү жайгашкан.

Тинтүүрлөрүнүн учунда уу болот. Полиптер өзү тамактануучу планктондорту, рак сымалдарды жана башка жаныбарларды ууландырып, шалга айлантууга жана душмандардан коргонууга пайдаланышат. Уусу абдан күчтүү болуп кетсе, анда жанындагы кораллдардын өсүүсү токтоп калат. Ошентип уусу кучтүү коралл кененирээк орун менен көбүрөөк тамакка ээ болот.

полип былчуңдары аргылуу жыйрылып кайра жазылып турат.

Жакшы жашаш үчүн өсүмдүктөрдү “квартирант” кылып алат[оңдоо]

Полиптин денеси ички жана сырткы териден турат. Ички тээрисинде кээде балыр сымал өсүмдүктөр өсүп алат. Андай өсүмдүктөр күн нурун жутуп алып, энергия бөлүп чыгарып, энергиясын полип менен бөлүшөт. Полип болсо өзүндөгү азот менен фосфаттан өсүмдүккө бөлүшөт. Ошентип “мага да, сага да жакшы” деген турмуш кечиришет.


Айта кетчү нерсе, кораллдар менен өсүмдүктөр бири – бирисиз деле жашоо кечире алышат. Бирок экөөнүн биргелешип жашашы өсүү жана көбөйүү процесстерин бир топ жеңилдетет. Чоңдугу 25 сантиметрге жеткен кораллдар 10 чакты балыктын, 20 дай рак сымалдардын үйү болуп бере алат.


Полиптерге жылуулук менен кун нуру керек болгондуктан, алар деңиздин тайыз жерлеринде (тереңдиги 50 – 60 метрден ашпаган жерлерде) кездешет. Көбүнчө 10 – 20 метр тереңдикте болушат. Жылуулугу 20 градустан өйдө болгон сууларда кездешет.


Коралл рифтери деген эмне?[оңдоо]

Коралл рифтери тропиктик деңиздердин тайыз жерлеринде жолугат. Кораллдар миллиондогон жылдар бою өсүп, көбөйүп , калыңдыгы бир нече метрге дейре жетип, кырка тоодой тизмектешип калганда коралл рифтери жана коралл аралдары (атолл) жаралат.

Рифтер көбүнчө Тынч жана Индия океанында кездешет. Дүйнөдөгү коралл рифтеринин 3төн бир бөлүгү өлгөн. Буга суунун булганыш себеп.

Ошондой эле суунун температурасы кескин төмондөп кетсе да коралл рифтери өлүмгө дуушарланат. Рифтер көбүнчө сууда 10 – 20 метр тереңдиктерде түзүлөт.

Риф 1 жылда болгону 2.5 сантиметрге өсөт. Риф тилкесинин айрым жерлеринин кенендиги 72 чакырымга чейин созулат жана ийне терилүү деңиз жаныбарларынын, моллюскалардын, деңиз курттарынын, балыктардын мекени.


Кантип көбөйүшөт?[оңдоо]

Кээ бир түрлөрү жыныстык, айрымдары жыныссыз жол менен көбөйүшөт. Жыныссыз жол менен көбөйүшү. Мында кораллдын капталындагы (бөйрөк тушу десек болот) клеткалар бөлүнүп, көбөйүп отурат.

Жыйынтыгында борсойгон бүчүрдөй болуп калат. Ал бүчүрдөн кораллдын баласы – кичинекей полиптер бөлунүп чыгып, суу түбү менен жүрүп отуруп, бир күнү бир нерсеге жабышып алат да, ошол жерде өсүп чоңоюуп башайт.

Жыныстык жол менен кобөйүшү. Мындай көбөйүү жылына бир нече ирет гана жүрөт. Тактап айтканда, аралыктарын жүздөгөн миңдеген чакырымдар бөлүп турса да, бир түрдөгү кораллдардан бир эле учурда миллиарддаган энелик жумурткалар менен эркектердин уруктары бөлүнүп чыгат. Мындай кезде суу киргилт тартып калат. Уруктанган түйүлдүк личинка же кичинекей полип деп аталат.

Мындай көбөйүү жаздын этегинде, жайдын башында жүрөт жана 5 – 6 күндү какмтыйт. Болгондо да ай толгондон 1 же 2 күндөн соң. Кичинекей полип өсүүсүн токтоткон кезде бир жерге жабышат да, өсүп чоңое баштайт.

Кызыктуулар[оңдоо]

• Дүйнөдө 1 жылда 100 тоннадан ашык кымбат баалуу коралл өндүрүлөт.

• Кораллдардын 3500 дөн ашык түрү бар жана алардын өңдөү өздөрү түзүлгөн органикалык кошундулардын санына жана курамына жараша болот.

• Германиянын аймагынан мындан биздин заманга чейинки 35 миң жылдарга таандык коралл шурусу табылган.

• 18 – кылымга чейин кораллдар ташка айланган деңиз гүлдөрү катары саналып келген. Кийин гана окумуштуулар кораллдар омурткасыз майда жаныбарлар экенин далилдешкен.

Шилтемелер[оңдоо]

Колдонулган адабият[оңдоо]

  • {{китеп

|автору = Байтурганов Б. |место = Кыргызстан