Корженевский Николай Леопольдович

Википедия дан

Корженевский Николай Леопольдович (6 (18). 2. 1879, Орусия империясы, Витебск губерниясы, Завережье кыштагы — 31. 10. 1958, СССР, Ташкент) — физик-географ жана гляциолог, география илимдеринин доктору (1937), Өзбек Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1947), Украин ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1939). Орто Азия университетинин физика-география кафедрасынын башчысы, профессор (1937), СССР география коомунун ардактуу мүчөсү (1955). Илимий изилдөөлөрү Орто Азиянын физикалык-географиясына арналган. Ал Орто Азия мөңгүлөрүн кеңири изилдеп, алардын каталогун түзгөн (1930), 70тен ашык мөңгүнү жана бир нече чокуну алгачкы жолу изилдеген. Н. Л. Корженевскийдин ысмы менен 3 мөңгү (Иле, Чоң Алай, Какшаал кырка тоолорунда) жана Чоң Алай тоо кыркасындагы чоку аталган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]